Англезит

Википедия дан

Англезит [алгачкы жолу табылган Англси аралынын (Улуу Британия) атынан], коргошун купоросу — минерал, сульфаттар классына кирет. Химиялык формуласы Pb(SO4). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5—3, тыгыздыгы 6380 кг/м3. С. салмагы 6,4. Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. Англезит — коргошундун негизги кенташы (рудасы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1