Мазмунга өтүү

Англия улуттук футбол курамасы

Википедия — ачык энциклопедия
Англия улуттук футбол курамасы
Эн белгиси
Лакап аттары Үч Арстан (англ. The Three Lions)
Конфедерациясы УЕФА (Европа)
Федерациясы Англия футбол ассоциациясы
Башкы
машыктыруучусу
Германия Томас Тухел
Капитаны Харри Кейн
Эң көп
оюн саны
Питер Шилтон (125)
Мыкты
бомбардири
Харри Кейн (78)
Үй стадиону «Уэмбли»
ФИФА коду ENG
ФИФА рейтинги
Азыркы 4 Steady (1- апрель 2026)[1]
Мыкты 3 (август — сентябрь 2012, сентябрь — октябрь 2021, ноябрь 2023)
Төмөнкү 27 (февраль 1996)
Формасы
Форма
Форма
Негизги
форма
Форма
Форма
Резервдик
форма
Биринчи оюн
Шотландия Шотландия 0:0 Англия Англия
(Глазго, Шотландия; 30-ноябрь 1872;
тарыхтагы алгачкы эл аралык оюн)
Эң ири жеңиш
Ирландия Ирландия 0:13 Англия Англия
(Белфаст, Ирландия; 18-февраль 1882)
Эң ири жеңилүү
Мажарстан Мажарстан 7:1 Англия Англия
(Будапешт, Венгрия; 23-май 1954)
Дүйнө чемпионаты
Катышуусу 16 (биринчи жолу 1950-жылы)
Жетишкендиги Чемпион (1966)
Европа чемпионаты
Катышуусу 11 (биринчи жолу 1968-жылы)
Жетишкендиги 2-орун (2020, 2024)
Улуттар лигасынын финалдары
Катышуусу 1 (биринчи жолу 2019-жылы)
Жетишкендиги 3-орун (2019)

Англия улуттук футбол курамасы (англ. The England national football team) — эл аралык футбол мелдештеринде Англиянын атынан чыгуучу команда. Команданы Англия футбол ассоциациясы башкарат. Бул ассоциация 1863-жылы түзүлгөн дүйнөдөгү эң эски уюм болуп, 1905-жылдан бери ФИФАнын, 1954-жылдан бери УЕФАнын мүчөсү.

Англия курама командасы Шотландия менен бирге дүйнөдөгү эң эски курама командалардын бири. Алар биринчи эл аралык матчты 1872-жылы өткөргөн. 1883-жылдан баштап Улуу Британиянын ички чемпионатына катышып, анда рекорддук 54 жолу жеңишке жетишкен.

1966-жылы башкы машыктыруучу Альф Рамсейдин жетекчилиги астында Англия дүйнө чемпионатын уткан (финалда Германияны 4:2 эсебинде жеңген). Европа чемпионатынын финалына эки жолу чыккан (2020, 2024), бирок бир да жолу уткан эмес.

Курама команданын үй стадиону — «Уэмбли» (90 000 орун). Эң көп оюн өткөргөн футболчу — Питер Шилтон (125 оюн), ал эми эң мыкты бомбардир — Харри Кейн (78 гол).

  1. The FIFA/Coca-Cola World Ranking (англ.) (1- апрель 2026).