Андабеков Эрназар

Википедия дан

Андабеков Эрназар (1905, азыркы Жаңы-Жол району, Кыр-Кечүү кыштагы. — 1957, ошол эле жерде)— малчы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). 1937-жылы Жаңы-Жол районундагы «Партизан» колхозуна кирип, жылкычы болуп иштеген. Ал мезгилде колхозздун 27 гана жылкысы болгон. 1949-жылы ал жылкылардын санын 1200ге жеткирген. 1946-жылы 50 бээден 50 кулун, 1947-жылы 56 бээден 56 кулун алып, чыгашасыз асыраган. Ленин ордени, медалдар менен сыйланган. Караван кыштагында бир көчө анын ысмы менен аталат.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленин ордени, медалдар менен сыйланган,Социялистик Эмгектин Баатыры.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М."Ош тарыхы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.