Андакул, ашуу

Википедия дан
Андакулашуу, ашуу‎»‎ барагынан багытталды)

Андакул ашууАкадемик Адышев кырка тоосунун Эркеч (түштүк) жана Сарала зоо (түндүк) тармактарынын кошулган жериндеги ашуу. Деңиз деңгээлинен 3986 м бийикте. Андакул (чыгыш) жана Бүлөөлү (батыш) өрөөндөрүн байланыштырган жол өтөт. Түндук-чыгышы бир аз жантайыңкы, жарлуу, кар-мөңгүлүү; батышы тик, кум-шагылдуу, айрым жерде өз алдынча катуу талкаланган аскалар кездешет. Палеозойдун сланец, акиташ тектеринен турат. Чыгыш капталына кар-мөңгү, альп жана субальп, батышына кум-шагылдуу альп шалбаасы жана токойлуу шалбаа мүнөздүү. Август айында жол ачылат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]