Андрогиндүүлүк

Андрогиндүүлүк (б.-грек. ἀνήρ — «эркек», γυνή — «аял») — адамда аялдык да, эркектик да сапаттардын бир убакта көрүнүшү (бул сапаттар тең салмактуу болушу милдеттүү эмес). Психологиялык андрогиния — бул гендердик ролдорду аныктоочу сурамжылоолордо адамдын феминндүүлүк (аялдык) жана маскулиндүүлүк (эркектик) шкалаларынан бир убакта жогорку упай алышы менен мүнөздөлөт [1].
Сырткы көрүнүштөгү андрогиния — бул аял менен эркектин визуалдык (физикалык) өзгөчөлүктөрүнүн айкалышы. Коомдогу салттуу аялдык же эркектик гендердик ролдорго дал келбеген адам андрогиндүүлүк деп аталат. Көптөгөн андрогиндүү адамдар өздөрүн психологиялык жактан аял менен эркектин ортосунда, же болбосо жыныссыз (гендерсиз) деп аныкташат [2].
Мурда «Андрогиндүүлүк» термини «гермафродит» сөзүнүн синоними катары колдонулган. Айрыкча, байыркы гректер андрогинияны бир эле организмде аялдык жана эркектик белгилердин болушу катары түшүнүшкөн. Азыркы учурда, негизинен Сандра Бемдин изилдөөлөрүнүн таасири менен, «андрогиния» термини анатомиялык же физиологиялык өзгөчөлүктөрдөн көрө көбүрөөк психосоциалдык мүнөздөмөлөрдү түшүндүрөт [3][4].
Маданиятта
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көптөгөн маданият ишмерлери өзүнүн чыгармачылык карьерасында андрогиндик образдарды колдонушкан. Сюрреалист-фотографтар андрогин образын ар түрдүүчө чечмелешет: фаллик эне катары (Брассай, Ман Рэй, Ханс Беллмер), аял жана эркек денелеринин каалагандай биригүүсү аркылуу жаралган бирдиктүү жандык катары (Г. Беллмер) же болбосо идеалдуу үчүнчү жыныс катары (Клод Кахон, П. Молинье).
Изилдөөчү И. Шиктин айтымында, сюрреалисттик фотосүрөттөгү андрогин мифин кабыл алуу стратегиялары жана ага байланышкан темалар (фетишизм, гендердик иденттүүлүк ж.б.) бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготкон жок жана постмодернисттик искусстводо мындан ары өнүгүү алган (мисалы, Джоэл-Питер Уиткин, С. Шерман, Я. Моримура, М. Барнинин эмгектеринде)[5].
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Красова Е. Ю. Андрогиния // Словарь гендерных терминов / Под ред. А. А. Денисовой. — М. : Региональная общественная организация «Восток-Запад: Женские Инновационные Проекты»: Информация XXI век, 2002. — 256 с. — 1000 экз. — ISBN 5-86391-002-4.