Анимация

Википедия дан

Анимация (Animation) - графиктик сүрөттөлүштөрдү кыймылдатуу, жылдыруу. Ал негизги графиктик сүрөттөлүштүн жөнөкөй кыймылынан майда-баратына чейинки комплекстүү кыймылынын татаал процесстерин түзүүгө жөндөмдүү. «Шрек», «Подводная братва» кинолору жана башка тартылган мультфильмдер, жүгүртмө саптагы (бегающая) жарнамалар анимациянын эң жакшы мисалдары. Мультимедиа колдонмолорунда анимация текст менен графикке караганда маалыматты ачыгыраак көрсөтөт. Жаңылыктардагы же спорттогу эсеп тексттери да кыймылдатылып көрсөтүлөт жана ал тармак оюндарынын (сетевой оюндар) көбүндө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1