Анкабут сүрөсү

Википедия дан

* 29-сүрө “Анкабут[1]”[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Алтымыш тогуз айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Алиф, Лам, Мим[2].
  • 2. Адамдар: “Биз ыйман келтирдик”, – дешсе эле, сыналбай калып калабыз деп ойлошобу?
  • 3. Биз аларга чейинки болгондорду да сынаганбыз. Албетте, Алла чынчылдарды да, жалганчыларды да билет.
  • 4. Же жамандык иштерди кылып жаткандар Бизден ашып кетебиз деп ойлошобу? Алар чыгарган өкүм кандай жаман.
  • 5. Ким Алла менен кезигүүнү кааласа, албетте, Алланын белгилеген мөөнөтү[3] келет. Ал – Угуучу, Билүүчү.
  • 6. Ким күрөшүп аракеттенсе, ал өз жаны үчүн аракеттенип умтулат. Акыйкатта Алла ааламга муктаж эмес.
  • 7. Ыйман келтиргендердин жана жакшылык иштерди кылгандардын жамандыктарын жойуп салабыз[4], аларга жакшылыктары үчүн жакшыраак кылып сыйлык беребиз.
  • 8. Биз инсанга ата-энесине жакшылык жасоону буйрудук. Эгер ал тууралуу сенде илим жок болсо да, алар Мага шерик кошууга сени түрткүлөй башташса, анда аларга баш ийбегин.[5] Мага кайтасыңар жана Мен силердин эмне кылганыңардан кабар берем.
  • 9. Ыйман келтиргендерди жана жакшылык иш кылгандарды Биз жакшы иш жасоочулардын катарына киргизебиз.
  • 10. Адамдардын ичинде: “Биз Аллага ишенебиз”, – дегендер бар. Качан аларга Алланын жолунда зыйан жетсе, адамдардын сыноосун Алланын жазасындай көрүшөт. А Эгеңден жеңиш келген кезде алар: “Биз силер менен болгонбуз”, – дешет. Чын эле Алла ааламдардын көкүрөгүндө эмне бар экенин жакшы билбейби?
  • 11. Алла ыйман келтиргендерди да, эки жүздүүлөрдү да билет.
  • 12. Ишенбеген каапырлар ыйман келтиргендерге: “Биздин жолубуз менен баргыла. Биз силердин күнөөңөрдү өзүбүзгө алабыз”, – дешет. Алар алардын күнөөлөрүнүн эч нерсесин алышпайт. Алар жалганчылар.
  • 13. Алар өздөрүнүн жүктөрүн (күнөөлөрүн) өздөрүнө ээрчигендердин күнөөлөрү (жүктөрү) менен бирге[6] көтөрүшөт жана Кыйамат күнүндө өздөрүнүн эмнени ойлоп тапкандары тууралуу сурак беришет.
  • 14. Биз Нухту анын коомуна жөнөттүк, ал алардын арасында элүүсү кем миң[7] жыл турду. Аларды топон суу каптады. Алар адилетсиз заалымдар болушкан эле.
  • 15. Биз аны жана аны менен кемеде бирге жүргөндөрдү куткардык. Аны ааламдар үчүн белги кылдык.
  • 16. Ибрахимди (эстегин). Ал өз элине: “Аллага сыйынгыла жана Андан корккула! Эгер билсеңер, бул силер үчүн жакшы”, – деди.
  • 17. Силер Алланын ордуна сөлөкөттөргө табынып, жалганчылыкты жасап жатасыңар. Акыйкатта, Алланын ордуна силер сыйынып жаткандар – силер үчүн ырыскы бере албайт. Ырыскыны Алладан гана талап[8] кылгыла. Ага сыйынгыла жана Ага шүгүр кылгыла. Силер Ага кайтарыласыңар.
  • 18. Эгер силер муну жалганга чыгарсаңар, анда силерге чейинки коомдор да жалганга чыгарып келген. Элчинин милдети – айкын (кабарды) жеткирүү гана.
  • 19. Чын эле алар Алла жаратууну алгач ирет баштап, андан соң аны кайталаарын көрүшпөйбү? Акыйкатта, бул Алла үчүн жеңил.
  • 20. “Жер үстүндө жүрүп, Ал алгачкы жаратууну кандайча баштагандыгын карап көргүлө. Анан Алла акыркы жаратууну пайда кылат. Алла бардык нерсеге кудурети жетүүчү”, – дегин.
  • 21. Ал кимди кааласа жазалайт, кимди кааласа ырайымдуулук кылат жана силер Ага кайтарыласыңар.
  • 22. Силер асмандар менен жерде эч нерсени алсыздандыра албайсыңар жана силерге Алладан башка коргооочу да, жардамчы да жок.
  • 23. Алланын айаттарына жана Аны менен кездешүүгө ишенбеген каапырлар – Менин мээримимден үмүттөрүн үзгөндөр. Алар үчүн оорутуучу азап бар.
  • 24. Ошондо анын элинин айткан жообу: “Аны[9] өлтүргүлө, же өрттөп ийгиле”, – гана болду. Алла аны оттон куткарды.[10] Акыйкатта ыймандуулар үчүн мында белгилер бар.
  • 25. (Ибрахим): “Силер бул дүйнө жашоосунда өз араңардагы сүйүү үчүн Алладан башка сөлөкөттөрдү өзүңөргө алдыңар. Андан соң Кыйамат күнүндө бириңер экинчиңерден баш тартасыңар жана бириңер экинчиңерди каргап-шилейсиңер. Силердин жайыңар тозок болот. Силерге жардамчылар жок”, – деди.
  • 26. Аны Лут[11] тастыктады. “Мен өзүмдүн Эгеме көчүүчүмүн, анткени Ал Ызааттуу, Даанышман”, – деди[12].
  • 27. Биз ага Исхакты жана Йакупту бердик. Анын урпактарына пайгамбарлыкты жана китепти ыроолодук. Ага бул дүйнөдө сыйлык ыйгардык, а акыретте албетте ал жакшылардан (болот).
  • 28. Лут (өз) элине: “Албетте, Силер өтө бузук иш кылып жатасыңар, мындайда ааламда эч ким силерден ашкан эмес,
  • 29. чын эле силер эркектерге барасыңар[13] жана жолдорду кесесиңер,[14] чогулуштарыңарда жаман иштерди кыласыңар[15]. Анын элинин айткан жообу: “Эгер сен чынчылдардан болсоң, анда бизге Алланын азабы менен келгин”, – деген гана болду.
  • 30. Ал: “Эгем! Бузулган элге каршы мага жардам бер!” – деди.
  • 31. Биздин элчилер кубанычтуу кабар менен Ибрахимге барган кезде, алар: “Биз бул калаанын[16] жашоочуларын жок кылабыз. Чындыгында ал калаанын ээлөөчүлөрү заалымдардан болушкан”, – дешти.
  • 32. Ал: “Албетте, анда Лут бар”, – деди. Алар[17]: “Биз анда кимдер барын жакшы билебиз. Биз аны жана үй-бүлөсүн – айалынан башкаларын куткарабыз. Ал[18] болсо анда калуучулардан”, – дешти.
  • 33. Биздин элчилерибиз ага келген кезде, ал алар үчүн кайгыра түштү[19] жана аларды[20] (айап) көкүрөгү кысылды. Алар: “Коркпо да кайгырба. Биз сени жана үй-бүлөңдү – айалыңдан башкасын куткарабыз, ал[21] мында калуучулардан”, – дешти.
  • 34. “Биз бул калаанын жашоочуларына бузулгандыктары үчүн асмандан азап түшүрөбүз”.
  • 35. Биз мындан акылы бар адамдар үчүн ачык белги[22] калтырдык.
  • 36. Мадйандыктарга алардын тууганы Шуайпты (жөнөттүк). Ал: “Эй элим! Аллага сыйынгыла жана Кыйамат күнүнө ишенгиле. Жер үстүндө бузукулуктарды таратпагыла”, – деди.
  • 37. Алар аны жалганга чыгарышты, аларга жер титиреп, кыйроо жетти. Алар эртең менен өз үйлөрүндө кыймылсыз, бүк түшүп кала беришти.
  • 38. Аад, Самуд (коомдору) да... Силерге алардын калган журттарынан ачык байкалат. Шайтан алардын иштерин кооз көргөзүп, аларды жолдон чыгарды. А алар көрүп туруучулар[23] эле.
  • 39. Карун, Фараон жана Хаман...[24] Муса аларга ачык белгилер менен келди, а алар жер үстүндө менменсине бой көтөрүп жүрүштү жана алар (антип) узакка кете алышпады.
  • 40. Алардын баарын Биз күнөөлөрү үчүн туттук. Алардын бирине бороондуу куйунду жөнөттүк,[25] бирине кыйраткыч үн[26] жетти, бирин жерге жуткуздук,[27] кээ бирин чөктүрүп салдык.[28] Алла аларга заалымдык кылуу үчүн минткен жок, алар өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты.
  • 41. Өздөрүнө Алладан башканы жакын кылып алгандардын мисалы, өзүнө үй курган жөргөмүш өңдүү. Анткени, эгер алар билишкен болсо, үйлөрдүн эң начары жөргөмүштүн үйү.
  • 42. Акыйкатта, Алла Анын ордуна, Андан башканы чакырып[29] жаткандарды билет. Ал – Ызааттуу, Даанышман.
  • 43. Бул мисалдарды Биз адамдарга келтиребиз, бирок муну билгендер гана түшүнөт.
  • 44. Алла асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты. Албетте, мында момундар үчүн белги[30] бар.
  • 45. Аларга китептен сага кабар берилгендерди окуп бер да, намаз оку. Анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тыйат[31]. Ал эми Алланы эскерүү андан да чоң.[32] Алла силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат.
  • Жыйырма биринчи бөлүм
  • 46. Алардын заалымдарынан башка китеп ээлери менен жакшы абалда гана талашып-тартышкыла.[33] Жана: “Биз өзүбүзгө түшүрүлгөнгө да, силерге түшүрүлгөнгө да ишенебиз. Биздин Кудай да, силердин Кудай да бир. Биз Ага мойун сунгандарданбыз”, – дегин.
  • 47. Ушинтип Биз сага Китеп жөнөттүк. Биз Китеп ыроологондор[34] ага ишенишет. Булардын арасынан да[35] ага ишенгендер бар. Биздин айаттарыбыздан каапырлар гана баш тартат.
  • 48. Сен ага чейин эч кандай китепти окуган жоксуң жана аны өз колуң менен жазган да эмессиң.[36] Эгер антпегенде муну болбогон нерсе деп жаткандар (катуу) шектенишмек.
  • 49. Ооба, бул илим берилгендердин көкүрөгүндөгү ачык-айкын айаттар. Биздин айаттарыбызды заалымдар гана четке кагат.
  • 50. Алар: “Ага эмне Эгесинен белгилер[37] түшүрүлбөйт” – дешет. “Акыйкатта кереметтер Алланын гана алдында, а мен болсо эскертүүчү ганамын”, – дегин.
  • 51. Чын эле аларга окулуп жаткан, Биз сага жөнөткөн Китеп жетишсизби? Акыйкатта мында ырайым жана ыйман келтирген коом үчүн насаат бар.
  • 52. Менин жана силердин араңарда Алла жетиштүү күбө. Ал асмандардагы жана жердегилерди билет. Ал эми жалганга ишенип, Аллага ишенбегендер болсо, алар зыйанга учурагандар.
  • 53. Алар сени азап келтирүүгө шаштырышат. Эгерде белгиленген мөөнөт болбогондо, анда аларга азап келер эле жана ал аларга күтүүсүздөн, алар билбеген учурда келет.
  • 54. Алар сени азап келтирүүгө шаштырышат. Акыйкатта, тозок каапырларды курчап алган.[38]
  • 55. Азап алардын үстүнөн да, айак астыларынан да туткан кезде, Ал: “Кылганыңарды таткыла!” – деп айтат.
  • 56. Эй, Менин ыймандуу пенделерим! Албетте Менин жерим кенен, Мага гана сыйынгыла!
  • 57. Ар бир жан өлүмдү татат.[39] Андан соң силер Бизге кайтарыласыңар.
  • 58. Ыйман келтирип, жакшылык иш кылгандарды Биз алдында дарыйалар агып турган, Бейиштин бийик жайларына жайгаштырабыз, алар анда түбөлүккө калышат. Амал кылгандардын сыйлыгы кандай жакшы.
  • 59. Алар сабырдуу болушкан жана Эгесине тобокел[40] кылышат.
  • 60. Канчалаган айбандар өздөрүнө азыгын камдай алышпайт. Алла аларга да, силерге да ырыскы берип жатат. Ал – Угуучу, Билүүчү.
  • 61. А эгер сен алардан: “Асмандар менен жерди ким жараткан, күн менен айды ким баш ийдирген?” – деп сурасаң, алар албетте: “Алла”, – дешет. Алар кандай алысташкан?![41]
  • 62. Алла өз пенделеринен кимди кааласа ырыскысын кеңейтет жана өлчөп берет. Акыйкатта, Алла баарын Билүүчү.
  • 63. А эгер сен алардан: “Асмандан жаан жаадырып жана аны менен жериңер өлгөндөн кийин кайра тирилткен ким?” – деп сурасаң, алар албетте: “Алла”, – дешет. “Аллага мактоо!” – дегин. Бирок, алардын көпчүлүгү акыл калчашпайт.
  • 64. Бул дүйнөдөгү жашоо ойун-күлкү гана, а акыреттеги – анык жашоо, эгер алар муну билген болсо.
  • 65. Качан алар кемеде келе жатышканда ыймандарын тазалап, Аллага кайрылып дуба кылышат. А качан кургакка чыкканда алар Ага шериктерди кошот.
  • 66. Биз бергендерге ишенбөө үчүн жана алар ырахаттанып алыш үчүн ушуну жасашат. Алар жакында билишет[42].
  • 67. Анын айланасындагы элдерге кол салып, туткундап турганда, Биз (Меккени) ыйык жана тынч[43] жай кылганыбызды алар көрүшпөдүбү? Кантип эле алар жалганга[44] ишенишет да, Алланын жакшылыгын танышат?!
  • 68. Акыйкат келген кезде Аллага каршы жалганды жаап, же акыйкатты калпка чыгаргандан ашкан заалым барбы? Баса, каапырлардын жайы – тозок эмеспи?
  • 69. Биз үчүн умтулуп аракеттенгендерди, Биз туура жолдо алып барабыз. Акыйкатта, Алла жакшылык кылуучулар менен бирге.
  • [1] Анкабут – жөргөмүш.
  • [2] Мааниси бир Аллага маалым.
  • [3] Алла менен жолугуу мөөнөтү.
  • [4] Алардын жакшылык иштеринин натыйжасында жаман иштери таптакыр өчүрүлүп салынат (Сафат ат-Тафасир).
  • [5] Эгерде, инсандын ата-энеси кудайсыз, же сөлөкөттөргө табынган инсандар болсо да, аларга жакшылык кылып, камкордук көрүү керек.
  • [6] Башкаларды да туура жолдон бузук жолго үндөгөндөрү үчүн.
  • [7] Нух пайгамбар 950 жыл элин динге чакырган.
  • [8] Сурануу,өтүнүү
  • [9] Ибрахим (а.с.)ды.
  • [10] Алла отко салкын жана жагымдуу болууга буйруду. Ибрахим андан эч зыйансыз чыкты.
  • [11] Лут Ибрахимге от эч зыйан келтирбегенин көргөндө Ибрахимди...
  • [12] Ибрахим.
  • [13] Бачабаздык кулач жайган эле.
  • [14] Келген, же ары-бери өтүп бара жаткан жолоочуларды кармап, тоноп алышып, бир топторун зордукташкан.
  • [15] Бачабаздыкты алар чогулуштарда да бири-биринен эч уйалбай эле көз-көрүнөө жасашкан.
  • [16] Лут (а.с.)дын айылы.
  • [17] Жебрейил (а.с.) баш болгон периштелер.
  • [18] Айалы.
  • [19] Анткени, периштелер келишимдүү жаш жигиттердин түспөлүндө келишкен. Лут, бузулган коом келип, аларды бузукулук ишке зордойт деп ойлоп, кайгыра баштады.
  • [20] Татынакай конокторду.
  • [21] Луттун айалы. Ал айал бузулган коомго жан тарткан.
  • [22] /лгү.
  • [23] Алар көрүп тургандан кийин, жаман жолдон кайтып, туура жолго түшүүлөрү керек эле. Алар антишпеди.
  • [24] Баары ойрон кылынган эле.
  • [25] Лут (а.с.)дын эли.
  • [26] Самуд эли.
  • [27] Карун.
  • [28] Нух (а.с.)дын жана Фараон.
  • [29] Алладан башкага сыйынгандарды.
  • [30] Алла Тааланын кудуретине далил бар.
  • [31] Намазды чын ыкластан, эрежелерин толук аткарып, окуган болсо ыплас иштерден, күнөөлөрдөн алыс болот. А эгерде намаз окуп, бирок күнөөлөрдөн, бузукулуктан арылбаса, анда анын намазынын кабыл болбой жатканынын белгиси. Туурасын Алла билет.
  • [32] Биз Алланы эстесек, Алла бизди эстейт (Бакара сүрөсүнүн 152-айатын караёыз). Эгерде Алла бизди эстесе, анда толук жардамдын келгени. Анткени Алла Таала биздин муктаждыгыбызды жакшы билет. Демек, эмнеге муктаж болсок, Алла Таала аны токтоосуз чечип койот.
  • [33] Алла Тааладан тилеп, айаттарды, далилдерди келтирип, жылуу-жумшак сөздөр менен.
  • [34] Иудейлер менен христиандардын ичиндеги чыныгы момундары. Алар пайгамбарлардын баарына, анын ичинде Мухаммед (а.с.)га да ишенишкен.
  • [35] Меккеликтердин арасынан.
  • [36] Пайгамбарыбыз окуганды да, жазганды да билген эмес.
  • [37] Кереметтер.
  • [38] Тозок отунда азапталышат.
  • [39] Өлбөй тирүү калган жан калбайт.
  • [40] Эгесине гана тайанышат, Андан гана жардам сурашат.
  • [41] Бул жеткен наадандык. Баарын жараткан Алла экенин тастыкташат да, кайра ыйман келтиришпейт.
  • [42] Кылмыштарынын акыбетин
  • [43] Ал жерде (Меккеде) өлтүрүүгө, тилдөөгө тыйуу салынган.
  • [44] Сөлөкөткө.