Аннемари фон Габайн

Википедия дан

Аннемари фон Габайн (нем. Annemarie von Gabain) - немис чыгыш таануучусу, түркологу жана синологу. Таанымал чыгыш таануучу А. фон Габайн 1901-ж. 4-июлда ошол учурдагы Германига караштуу Лотарингия областында аскер адамынын үйүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы генерал Артур фон Габайндын теги гугеноттордун тукумунан чыккан. Аннемари алгачкы билимди Майнцта (атасы кызмат өтөгөн жерде) жана Бранденбург шаарларында алган. Берлин университетинде синология, түркология жана математика адистиктерин бүтүргөн. Кытайдын тарыхы боюнча диссертациялык иш жактаган. Университетти аяктаган соң Гумбольдт, Гамбург, Фрибур жана Анкара университеттеринде окутуучулук кызматтарды аркалаган. Турфандан табылган байыркы түрк тилдүү жыйнактарды изилдөөдө чоң салым кошкон. Берлин түркология мектебинин түзүүчүсү Иоганн Вильгельм Банг Кауп менен биргеликте түркология жаатындагы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Өмүрүнүн аягына чейин Берлин Илимдер академиясында иштеп, байыркы түрк жазма эстеликтерин изилдөө менен алектенген. Чыгыштаануучу жана түрколог Аннемари фон Габайн 1933-ж. 15-январында Берлинде көз жумган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Das Leben im uigurischen Konigreich von Qoco: (850-1250) (Veroffentlichungen der Societas. Uralo-Altaica), Harrassowitz (1973).
  • Einfuhrung in die Zentralasienkunde.Wissenschaftliche Buchgesellschaft (1979).
  • Die Formensprache der uigurischen Malerei (Veroffentlichungen der Societas Uralo-Altaica (1987).

Орус тилине которулган эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Узбекская грамматика. Лейпциг, 1945.
  • Древнетюркская грамматика. Лейпциг, 1950.
  • Древнетюркская письменность. Берлин, 1950.
  • Содержание и магическое значение древнетюркских текстов. Фрибур, 1953.
  • Уйгурское царство Хочо. 850-1250 гг. Берлин, 1961.
  • Оттиски из турфанского собрания, Берлин. изд. «Академия». 1967.
  • Введение в изучение культуры народов Центральной Азии. Дармштадт, 1979.
  • Язык формы в уйгурской живописи. Висбаден, 1987.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015