Антарктика

Википедия дан
Антарктида.

Антарктика (анти... жана Арктика, башкача айтканда Арктикага каршы жайгашкан аймак) - Жердин түштүк уюл аймагы. Антарктиданы, Атлантика, Тынч жана Инди океандарынын Антартидага жакын жаткан бөлүктөрүн, Уэдделл, Росс, Амундсен, Беллинсгаузен деңиздери менен, ошондой эле Түштүк Георгия, Түштүк Сандвичевдер, Түштүк Оркней, Түштүк Шетленд жана башка аралдарды камтыйт. Анын чегарасы 48-60° түштүк кеңдик (Антарктика конвергенциясынын түндүк абалынын сызыгы) боюнча өтөт. Аянты 52,5 млн км2. Абанын темпрасы эң төмөн, катуу шамал, кардуу бороон болуп, көбүнчө туман басып турат. Антарктика Жер шарындагы эң катаал, суук аймак, субантарктикалык аймактын эң жылуу айынын орточо температурасы 10°С, эң суук айыныкы 0°Сден -10°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны Чыгыш Антарктиканын жээктеринде 30-50 мм, Антарктика жарым аралынын батыш жээктеринде жана субантарктика аралдарында 1000 ммден ашык. Материк калың муз катмары менен капталган; аралдарды адатта тоо мөңгүлөрү каптаган. Деңиз музунун аянты сезондон сезонго өзгөрүп турат; кыштын аяк ченинде 20 млн км2дей, жайында 2,5 млн км2дей. Үстү жалпак айсбергдер мүнөздүү. Органикалык дүйнөсү Антарктикада өтө жарды, океанда өтө бай. Аралдарда тундра өсүмдүктөрү өсөт; деңизде сүзүүчү канаттуулар көп. Деңиз жаныбарларынан кит, калак буттуулар бар. Алар криль (көп топтолгон) менен тамактанат. 1959-жылдагы Эл аралык келишим боюнча Антарктика демилитаризацияланган бейтарап зона, тынчтык максатка гана пайдаланылат; илимий-изилдөө иштери эркин жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]