Антология

Википедия дан

Антология (гр.— гүл терүү маанисинде) — поэзиялык чыгармалардын тандалмалуу топтору.

Байыркы грек адабиятында поэзиянын гүлү деп эсептелген чыгармаларды атайын топтоп, аны бир жыйнакка чыгарышып, ага антология деп ат беришет. Терминдин теги ушундан башталат. Кыргыз поэзиясынын антологиясы орус жана кыргыз тилдеринде жарык көрдү. Кыргыз поэзиясынын эки томдон турган антологиясынын чыгарылышы чоц маданий жаңылык катары белгиленди. Орус тилинде кыргыз поэзиясынын антологиясы 1957-жылы Москвадан «Художественная литература» басмасынан жарык коргон.

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine