Анттар

Википедия дан

Анттар (латынча Antes, грекче Antai) - 6-7-кылымдагы тарыхый булактарда эскерилген байыркы эл. Готтук (Кассиодор, Иордан), византиялык (Прокопий Кессарийский, Агафий Миринейский, Менандр Протиктор, Маврикий жана башка) жана сириялык (Иоанн Эфесский) тарыхчылардын эмгектеринде эскерилет. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү анттарды славяндарга таандык деп эсептешет. «Анттар» термининин этимологиясы дискуссиялуу бойдон калууда (түркчө ант - ант берүү, иранча анта - аягы, четки жана башка). 6-кылымга карата анттар Днестр жана Днепр дарыясынын аралыгындагы, ошондой эле Днепрден чыгышты карай жайгашкан токойлуу-талаалуу аймактарды мекендешкен. Жазма булактарда анттардын келип чыгышы, салттары жана тили боюнча тектеш склавиндер менен чогуу эскерилет. Алар жер айдап, мал багуу менен кесиптенишкен, отуруктуу калк болгон. Коомдук түзүлүшүндө аскердик демократия, патриархалдык кул ээлөөчүлүк орун алган. Византиялык император Юстиниан Iнин тушунда анттар алгачкы жолу Византия империясынын аймагына кирип барышкан жана ушундан тарта анттар тектеш склавиндер менен бирдикте Византиянын Балкандагы ээликтерине бат-бат жортуулдарды уюштуруп турушкан. 545-жылы император Юстиниан алар менен союздаштык келишим түзгөн. 6-кылымдын ортосу - 7-кылымдын башында анттар аварлардын кол салуусуна дуушар болгон. 560-, 590-жылы Византия империясынын Авар каганатына каршы күрөшүндө анттар зор жардам көрсөткөн. 7-кылымдан баштап жазма булактарда анттар эскерилбейт. Алардын тукумдары чыгыш-славян, айрымдары түштүк-славян уруулук бирикмелеринин курамына кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1