Анфал сүрөсү
* «Анфал» 8-сүрөсү[оңдоо | булагын оңдоо]
* Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. (О, Мухаммад!) Сенден олжолор жөнүндө сурашат. Айткын: Олжолор Аллах жана анын пайгамбарына тиешелүү. Эми, Аллахтан коркуп, өз ара мамилеңерди оңдоп, эгер ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунгула.
- 2. Чынында, ыймандуу адамдарга Аллахты эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт. Жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.
- 3. (Дагы) алар намаздарын кемчилдиксиз окушуп, Биз ырыс кылып берген нерселерден эхсан-садака кылышат.
- 4. Ошолор гана чыныгы момундар! Аларга Раббисинин алдында (Бейиште, бийик) даражалар, кечирим жана улуу ырыскылар бар.
- 5. Ошол сыяктуу Раббиң сени акыйкат менен үйүңдөн (согушка) чыгарганда, момундардан кээ бирөөлөрү муну жактырбай турушту.
- 6. (Аллахтын өкүмү) Анык болгондон кийин деле, өлүмгө айдалып бараткансып, карап туруп сени менен талашып жатышат!
- 7. Аллах силерге эки тайпанын бирөө (олжо) болуусун убада кылды эле, силер курал-жарагы жогунун өзүңөр үчүн болушун кааладыңар. Аллах болсо, (силер каалагандан башканы :) Өзүнүн (өкүм) сөздөрү менен акыйкатты орундатууну жана каапырлардын “артын кыркып коюуну” каалады.
- 8. Эгер кылмышкер-мушриктер жаман көрсө да, (Аллах) жалганды жоюп, акыйкатты орнотуу үчүн (ушундай болуусун каалады.)
- 9. Силер Раббиңерге жалбарып, дуба кылганда, Ал силерге жооп берип (Пайгамбарына): “Мен силерди удаама-удаа (келүүчү) миң периште менен кубаттаймын” деди.
- 10. Муну Аллах (силердин рухуңарга) шаттык (деми) кылып жана аны менен жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жеңиш - Аллахтан гана. Чынында Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.
- 11. Ошондо, (Аллах) силерди, Өзү тарабынан тынчтык-бейпилдик болушу (жана жүрөгүңөрдөн коркууну кетирүү) үчүн (көз ирмемдик) уйку менен ороду жана жүрөгүңөрдү, кадамыңарды аны менен бекемдеп, силерден Шайтан азгырыгын кетирип, таза-пакиза кылуу үчүн үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырды.
- 12. Ошондо, (оо, Мухаммад) сенин Раббиң периштелерге: “Мен силер менен биргемин. Эми, ыймандуу адамдарды шерденткиле! Мен тез эле каапырлардын жүрөгүнө коркуу саламын, силер дагы алардын моюндарына чаап, ар бир манжаларын кесип таштагыла!” – деп вахий кылды.
- 13. Мунун себеби; алар (каапырлар) Аллахка жана Пайгамбарына каршы согушту. Ким Аллах жана Пайгамбары менен согушса, (билип алгыла) чынында, Аллах-тын азабы катуу!
- 14. Ушул силердин жазаңар! Аны(н азабын) таткыла! Жана, акыйкатта, каапырларга Тозок азабы бар!
- 15. Оо, момундар! Эгер чабуулга өткөн каапырларга жолуксаңар, аларга артыңарды салып качпагыла!
- 16. Ким ошол күндө аларга артын салса, Аллахтын каар-казабын сатып алган болот жана жайы Тозок болот! Ал кандай жаман орун! Бирок-да, согуш эрежесин өзгөртүү же болбосо, (башка бир) жамаатка кошулуу максатында артын салса (анда качкан болуп эсептелбейт жана күнөө болбойт).
- 17. (Оо, момундар!) Аларды силер өлтүрбөдүңөр бирок, Аллах өлтүрдү. (Оо, Мухаммад) атканда сен атканың жок, Аллах атты. Жана Өзү тарабынан момундарга жакшынакай сыноо болсун үчүн (ушинтти). Чынында - Аллах Угуучу, Билүүчү.
- 18. Ушул жеңишиңер (Аллахдан) Жана Аллах акыйкатта, каапырлардын амалдарын алсыратуучу.
- 19.(Эй, мушриктер!) Эгер Аллахтан («качан азап түшүрөт» деп) сурасаңар, мына, силерге (каршы) жеңиш келди. Эгер (Туура Жолго тоскоол болуудан) токтолсоңор бул силерге жакшы. Эгер (согушка) кайтсаңар, биз да кайтабыз. Анда жамаатыңар ар канча көп болсо да, силерге эч жардам бере албай калат. Чынында, Аллах момундар менен!
- 20. Оо, ыйман келтиргендер! Аллахка жана Пайгамбарына моюн сунгула жана (Кураандагы “моюн сунгула” деген буйрукту) угуп туруп андан жүз бурбагыла.
- 21. Укпай туруп “уктук” деген адамдар болбогула!
- 22. Аллахтын назарында айбандардан да эң жаманы (чындыкты) укпаган, (акыйкатты) сүйлөбөгөн акылсыздар.
- 23. Эгер Аллах алардан бир жакшылык болоорун билгенде (акыйкатты) уга турган кылып коймок. Жана, эгер уга турган кылып койсо деле, (акыйкаттан) жүз буруп кетмек.
- 24. О, ыйман келтирген пенделер! Силерге жашоо бере турган нерсеге (ибадатка) чакырганда, Аллах менен Пайгамбарына (дароо) жооп бергиле! Билип койгула, Аллах адам менен (анын) жүрөгүнүн арасын тосуп коёт. Жана чынында, бардыгыңар Анын Өзүнө чогуласыңар.
- 25. Жана силердин араңардагы зулум (күнөө) кылгандардын өзүнө гана тийбей (бардыгыңарга тегиз тие) турган азап корккула! Аллахтын азабы катуу!
- 26. (О, момундар!) Эстегиле, бир кезде силер аз, жер бетинде алсыз-бечара жана адамдар силерди басып-тоноп кетишинен корккон абалда элеңер. Кийин Аллах силерге (Мединадан) орун-очок берип, Өз жардамы менен колдоп, силерге таза-пакиза нерселерди ырыскы кылып берди. Кана эми, (ушуларга) шүгүр кылсаңар!
- "27. О, ыйман келтиргендер! Аллахка, Анын Пайгамбарына жана силерге ишенип тапшырылган аманаттарга билип туруп кыянат кылбагыла!
- Силерге тапшырылган аманатка билип туруп кыянаттык жасабагыла!"
- 28. Жана билип койгула, чынында силердин мал-дүйнөңөр жана бала-чакаңар – бул сыноо (гана). Акыйкатта, Аллахтын алдын-да Улук сооп бар.
- 29. О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтан корксоңор силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим-парасат берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт, жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Улук пазилет ээси.
- 30. (О, Мухаммад) эстегин, каапырлар (бир кезде) сени (өз журтуңда) калтырууга, же өлтүрүүгө же болбосо, сүргүн кылууга амал издешкен. Алар айлакерлик кылышат, Аллах да айлакерлик кылат. Аллах айлакерлердин жакшысы.
- 31.Эгер аларга Биздин аяттарыбыз окулса: “Биз укканбыз. Эгер кааласак буга окшогонду биз деле айта алабыз. Бул байыркылардын жомокторунан башка нерсе эмес” дешет.
- 32.Бир кезде алар: “Оо, Аллах! Эгер мына бул (Мухаммад айтып жаткан сөздөр) Сенин алдыңдан келген Акыйкат (экени чын) болсо, асмандан үстүбүзгө таш жаа-дыр же бизге жан ооруткан азап жибер!” – дешти.
- 33. (Оо, Мухаммад, ар качан) Сен алардын арасында экениңде, Аллах аларды азаптабайт. Жана алар (тооба кылышып) күнөөлөрүнө (Аллахтан) кечирим сурашса да Аллах аларды азаптабайт.
- 34. (Бирок,) Алар (мусулмандарды) Масжид аль-Харамдан тосуп жатса Аллах аларды азаптабай коймок беле?! Анын (Масжид аль-Харамдын) ээлери алар эмес! Анын (чыныгы) ээлери такыбаалуу адамдар. Бирок, көпчүлүгү (муну) билишпейт.
- 35. Алардын “Байтуллах” (Аль-Харам) алдындагы “намаздары” ышкырык жана кол чабуудан башка эмес эле! Эми, (эй, мушриктер!) каапыр болгонуңарга жараша азапты(н даамын) таткыла!
- 36. Каапырлар (адамдарды) Аллахтын жолунан тосуу үчүн мал-дүйнөлөрүн жумшашат. Дагы эле жумшай беришет бирок, (бул иштери) кийин өз баштарына бушайман болот. Кийин… жеңилишет! Каапырлар (Акыретте) Тозокко чогултулат,
- 37. Аллах ыпыластарды таза-пакизалардан ажыратып алып, бири-бирине кабаттап, жыйнап, бардыгын Тозокко салышы үчүн. Ошолор анык зыян тартуучулар!
- 38. (Оо, Мухаммад), каапырларга айт: Эгер (душмандыгын) токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет. Эгер улантышса, (билип коюшсун :) мурункулардын жолу өткөн!
- 39. (Оо, момундар!) каапырларга каршы, (жер бетинде) фитна (ширк жана динге тоскоолдук) калбай калганга чейин жана дин - өкүмдүн бардыгы Аллахка таандык болгонго чейин согуша бергиле. Эгер токтотушса, Аллах жасаган иштерин Көрүүчү.
- 40. А, эгер (Аллахка моюн сунуудан) жүз бурушса, билгиле, силердин башчыңар – Аллах! Ал мыкты Башчы жана мыкты Жардамчы!
- Онунчу бөлүм
- 41. Эгер силер (оо, момундар) Аллахка жана Өз пендебизге түшүргөн нерсеге (Кураанга) ишенген болсоңор, билип алгыла, (ак менен кара) ажыратылган жана эки (аскердик) жамаат жолугушкан күндө, олжого алган нерсеңерден бештен бир бөлүгү – Аллахка жана Пайгамбарына, (калганы) тууган-уруктарга, жетимдерге, мискин-кедейлерге жана мусапырларга. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
- 42. Ошондо (Бадр согушу болуп, олжо алынган күндө) силер (Мединага) эң жакын жерде, алар (мушрик аскерлери) алысыраак жерде, ал эми, кербен силерден төмөнүрөөк (деңиз) тарапта эле. Эгер силер (согуш болоор орун жана убакыт жөнүндө мурдатан) убадалашсаңар убадада келише албаган болот элеңер. Бирок, Аллах (өз тагдырында) болуп калган ишти болтуруп, өлгөндөрдү далил менен (каапырчылыкты тандаганы үчүн) өлтүрүү үчүн жана тирүү калгандарды да далил менен (ыйманга келгендери себептүү) тирүү калтырыш үчүн (силерди күтүлбөгөн жерден жолуктуруп койду) Чынында - Аллах Угуучу, Билүүчү.
- 43. Ошондо, (оо, Мухаммад!) Аллах сенин түшүңдө аларды (мушрик аскерлерин) аз сандуу кылып көргөздү. Эгер көп кылып көргөзгөндө (жана сен муну сахаабаларыңа айтканда) муунуңар бошоп, (көпчүлүгү согушууну каалабай) иште талашып калган болот элеңер. Бирок, Аллах сактады. Чынында, Ал көкүрөктү ээлеген сырларды Билүүчү.
- 44. Ошондо, (оо, мусулмандар), силер жолуккан кезде, Аллах (тагдырында) болуп калган ишти аткаруу үчүн көзүңөргө аларды аз көргөзүп, силерди алардын көздөрүнө көп көргөздү. Иштердин бардыгы Аллахка кайтат.
- 45. О, ыйман келтиргендер! Эгер (душман) жамаатка жолуксаңар, бекем-сабырдуу болуп, жеңиштен үмүтүңөр болсо, Аллахты көп-көп эстегиле.
- 46. Жана Аллах менен (Анын) Пайгамбарына моюн сунгула, (эч качан) талашып-тартышпагыла! Антсеңер, алсыз болуп, кайратыңар жоголот. Сабыр кылгыла! Аллах сабырдуулар менен!
- 47. Мекендеринен (Меккеден) текеберленип, адамдардын көзүнө шан-шөкөттөнүп жана Аллахтын жолунан (адамдарды) тосуу максатында (согушка) чыккандар сыяктуу болбогула! Аллах алардын бардык иштерин ороп-камтып алуучу.
- 48.Бир кезде Шайтан аларга иштерин кооздоп көргөзүп: “Силерди бүгүн адам затынан эч ким жеңе албайт (саныңар да, даярдыгыңар да мусулмандардыкынан көп) Силерди өзүм кепилдигиме аламын (эч коркпогула)” – деди. Ал эми, эки жамаат (согуш майданында) жолукканда (Шайтан): “Менин силер менен ишим жок, (анткени,) мен силер көрбөгөн нерсени көрүп калдым. Мен Аллахтан коркомун! Аллахтын – азабы катуу !” – деп аркасына качып жөнөдү.
- 49. Ошондо (мусулмандардын арасындагы) мунафыктар менен жүрөктөрүндө шек-күмөн болгон (ыйманы күчсүз) адамдар: “Буларды дини оолуктуруп жиберди” – дешти. Ким Аллахка тобокел кылса, Аллах Кудуреттүү (жана өз ишинде) Даанышман.
- 50. (О, Мухаммад) Эгер сен, периштелер каапырларга: “Тозок азабын таткыла!– деп, беттерине, көчүктөрүнө чаап, өлтүрүп жатканын көрсөң эле!
- 51. (Дагы периштелер) «Бул (азап) өз колуңар жасаган (күнөө) иштер себептүү болууда. Аллах пенделерине зулумкер эмес” (дешти).
- 52.(Алардын кылмышы) Фираун адамдарынын жана алардан мурдакылардын кылмышына окшойт: Аллахтын аяттарына каапыр болушту эле, Аллах аларды күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылды. Аллах – Кубаттуу жана азабы катуу!
- 53. Бул (азаптар) Аллах эч бир коомго берген нээматтарын, качан алар өз жүрөктөрүндө болгон нерсени (ыйманды каапырчылыкка) өзгөртмөйүнчө өзгөртпөөсү себептүү болууда. Чынында Аллах Угуучу, Билүүчү.
- 54. (Дагы алардын иштери) Фираун адамдарынын жана алардан мурункулардын иштерине окшош: Раббисинин аяттарын “жалган” дешти эле, күнөөлөрү себептүү өлүм берип, Фираун адамдарын (деңизге) чөктүрүп жибердик. (Аллах жазалагандардын) бардыгы (өздөрүнө) зулум кылуучулар болду.
- 55. Чынында, Аллахтын назарында кыбыраган жандыктын эң жаманы – каапырлар. Себеби, алар ыйман келтиришпеди.
- 56.Сен алар менен убадалаштың эле, кийин, ар бир жолку убадалашууда кыянат кылышты. Алар такыбасы жок адамдар.
- 57.Эгер аларды согушта тапсаң сазайын берүү менен, артындагыларга сес көргөзүп кой. Эстеринен чыгарбай жүрүшөөр!
- 58.Эгер (сени менен согушпастык келишимин түзгөн) бир коомдун кыянат кылуусунан корксоң, убада-келишимдерин таштап сал! (Убада бузулганын силер да, алар да) бап-барабар (билип жүргүлө) Чынында, Аллах кыянатчыларды сүйбөйт!
- 59. Каапыр адамдар (“Эми бизге Аллахтын азабы келишинен) өтүп кеттик” – деп ойлошпосун. Алар (эч качан Аллахты) алсыз калтыра алышпайт.
- 60. (Оо, мусулмандар!) Аларга (душманыңарга каршы) колуңардан келген бардык күч-кубатты: жабдыкталган аттарды даярдап койгула! Аны менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңарга жана да (ким экенин) Аллах гана билип, силер билбеген башка адамдарга айбат-сүр көргөзөсүнөр. Аллахтын жолунда (жихад үчүн) эмнени сарп кылсаңар (Кыяматта) өзүңөргө зулум кылынбаган абалда толугу менен кайтарылат.
- 61. Эгер алар (душмандар) тынчтыкка ыктаса, сен да тынчтыкка умтул жана Аллахка тобокел кыл. Аныгында, Ал – Угуучу, Билүүчү.
- 62. Эгерде сени алдоону каалашса, сага Аллах жетиштүү: Ал сени Өзүнүн (асмандан келген) жардамы жана момундар менен кубаттап – колдогон.
- 63. Жана (көбүрөөк кубаттуу болуш үчүн) алардын жүрөктөрүн (өз ара) үлпөт-дос кылып койду. Эгер сен жер бетиндеги бардык байлыкты сарп кылсаң да, алардын жүрөктөрүн үлпөт-дос кыла албайт элең. Бирок, аларды Аллах дос кылды. Чынында, Аллах – Кудуреттүү, даанышман!
- 64. Оо, Пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген момундарга Аллах жетиштүү.
- 65. Оо, Пайгамбар! Момундарды согушка кайраттандыр! (Оо, момундар!) Эгер силерден жыйырма гана сабырдуу эр жүрөктөр болсо, (душмандан) эки жүздү, ал эми, силерден жүз болсо, каапырлардан миңди жеңе алат. Мунун себеби, алар түшүнбөгөн адамдар.
- 66. Эми, Аллах силерден (милдетиңерди) жеңилдетти. Жана силерде (он эсе, жыйырма эсе көп душманга тең келе албай турган) алсыздык бар экенин билди. Эми, силерден жүз сабырдуу болсо эки жүздү жеңет, эгер силерден миң болсо, Аллахтын уруксаты менен, эки миңди жеңет, Аллах сабырдуулар менен!
- 67. Качан жер бетинде (Исламга өчөшкөндөр калбай, толук) жеңүүчү болмоюнча эч бир Пайгамбардын алдында туткундар(дын) болуусу мүмкүн эмес болчу. Силер дүйнө пайдасын каалайсыңар, Аллах болсо, Акыретти каалайт. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.
- 68. Эгерде, Аллахтын тагдырында (“Ислам үммөтүнөн азап көтөрүлгөн” деп) жазылып коюлбаганда алган кун акыңардын жазасына силерди чоң азап кармайт эле.
- 69. Эми, олжо кылып алган нерсеңерден адал-таза билип жей бергиле. Аллахтан корккула! Чынында, Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
- 70. О, Пайгамбар! Кол астыңдагы туткундарга айт: “Эгер Аллах жүрөгүңөрдө жакшылык (ыйман) бар экенин билсе, силерге, алынган кун акыңардан жакшыраак нерсени берет жана (өткөндөгү) күнөөңөрдү кечирет. Жана Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
- 71. Эгер алар (мушрик туткундар) сага кыянат кылууну каалашса, мындан мурун Аллахка да кыянат кылышкан болчу, кийин Аллах аларды колуңа салып берди. Аллах – Билүүчү, Даанышман.
- 72. Чынында, ыйман келтирип, (диндерин сактап калуу үчүн Меккеден Мадинага) хижрат кылган жана Аллах жолунда мал-жандары менен жихад кылган мусулмандар менен, аларга (Мадинадагы өз үйлөрүнөн) орун-очок берип, ансар – жардамчы болгондор бири-бирине жакын-дос. Ал эми, ыйман келтирсе да, хижрат кылбаган адамдар болсо, качан хижрат кылмайынча силерге эч нерседе дос боло алышпайт. Эгер алар силерден душмандарына каршы жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда милдет. Ал эми, силер менен (өз ара согушпоо жөнүндө) убада-келишими бар болгон коомго каршы жардам сурашчу болсо, анда жардам бербейсиңер. Аллах эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү.
- 73.Каапыр адамдар бири-бирине жакын-дос. (Демек, силер эгер момун болсоңор, момундарды дос, каапырларды душман туткула). Эгер ушуну аткарбасаңар, жер бетинде бузукулуктар жана чоң күнөөлөр болот.
- 74. Ыйман келтирип, хижрат кылып, Аллахтын жолунда жихад кылган адамдар менен аларга орун-жай даярдап, жардам бергендер чыныгы ыймандуулар! Аларга (Раббисинен) кечирим жана улук ырыскылар бар!
- 75. Кийинчерээк болсо да ыйман келтирип, хижрат кылып, силер менен бирге жихад кылгандар ( силерден. Жана бир туугандар Аллахтын Китебинде бири-бирине жакыныраак. Аллах ар бир нерсени Билүүчү!
- «Менин намазым да, ар бир амалым жана жашоом да, өлүмүм дагы - ааламдардын Роббиси болгон Аллах үчүн, -деп айт». («Ан'аам»: 162).