1. Асмандарды жана Жерди жаратып, нур менен караңгылыктарды бар кылган Аллахка мактоолор! Кийин, Раббисине каапыр болгон адамдар Ага башкаларды тең (шерик) кылып жатышат!
2. Ал (оболу) силерди ылайдан жаратты. Кийин (ушул дүйнөдө жашооңор үчүн, “өмүр” деген) мөөнөттү белгиледи. Жана Анын (Аллахтын) алдында (дагы бир) белгиленген мөөнөт (Акырет жашоосу) бар. Ушундан кийин (о, каапырлар) силер дагы эле (Кыяматтан) шектенип жатасыңар.
3. Ал, Асмандарда да, Жерде да (жалгыз) Аллах. Ал силердин (бардык) жашыруун жана ашкере ишиңерди билет. Дегеле, бардык жасаган ишиңерди билип турат.
4. Аларга (каапырларга) Раббисинин (чындыкты анык көргөзгөн) аяттарынын бири келээри менен (аны угуп, пикир кылып көрүүнүн ордуна) дароо андан жүз буруп кетишти.
5. Алар өздөрүнө келген кезде акыйка жалганга чыгарышты (жана шылдыңдашты). Эми жакында аларга шылдыңдаган нерселеринин кабары келет.
"6. Алар көрүшпөйбү: Биз алардан мурда не-чендеген (каапыр) муундарды жок кылганбыз. (О, каапырлар!) Биз силерге бербеген жердеги мекендерден аларга берген элек, (үстүнөн) жамгырды берекелүү жаадырган жана астынан дарыяларды агызып койгон элек. Анан Биз аларды күнөөлөрү себептүү (ар кандай апааттар менен) кыйратып, артынан башка муунду алып келдик.
Биз алардан мурдагы канчалаган муундарды жок кылганыбызды алар көрүшкөн жокпу?! Биз силерге бербеген нерселерди жерде аларга бердик. Аларга асмандан мол жамгыр жаадырдык жана алардын алдынан дарыяларды агыздык. Бирок биз аларды (күчтүү, бай болушса да) күнөөлөрү үчүн ойрон кылдык жана алардын ордуна башка коомду жараттык"
7. (О, Мухаммад!) Эгер Биз сага кагаздан бир китепти (жазылуу бойдон) түшүрсөк жана аны өз колдору менен кармап көрүшсө да, каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкырдан башка эмес” – деп айтышмак.
8. Жана алар: “Ага (Мухаммадга жардам берүүчү) бир периште түшсө болбойт беле?” - дешет. Эгер биз периште түшүрчү болсок (жана алар аны өз көздөрү менен көргөндөн кийин деле ишенишпесе) анда, ошол замат иш бүтүрүлмөк. Аларга мөөнөт берилмек эмес.
9. Эгер Биз аны (Пайгамбарды) периште кылсак деле, эркек (кейипинде) кылмакпыз жана аларга өздөрү тумандаткан нерсени (андан бетер) тумандатмакпыз.
10. (О, Мухаммад! Алардын шылдыңдоосунан чөкпөгүн). Сенден мурунку Пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн.
11. Айт (О, Мухаммад: “Эгер ишенбесеңер) жер бетин кезип, (Пайгамбарларды) “жалганчы” – деген адамдардын акыбети (акыркы тагдыры) эмне менен бүткөнүн көрүп койгула!”
12. Айт: “Асмандардагы жана жердеги нерселер кимдики?” Айткын: “Аллахка таандык!”Аллах Өзүнө Мээримдүүлүк - ырайымды жазып койгон. Аллах силерди анда шек жок Кыямат Күнүнө чогултат. (Оңолбой) өздөрүнө зыян кылгандар... Алар ыйман келтиришпейт.
13. Күндүзү жана түнү жашагандардын баары Аллахтын мүлкү. Ал (бардык добушту) Угуучу, (бардык кылмышты) Билүүчү.
14. Айткын: “Аллахтан башканы жардамчы кылмак белем?! Ал асмандар жана жердин Жаратуучусу. Ал Өзү тамакка муктаж болбой, (бардык жан-жаныбарды) тамактандырат”. Айткын: “Мен (Аллахтын жалгыз Өзүнө) моюн сунгандардын эң алдыңкысы болууга буюрулдум” (Жана мага) “Эч качан мушриктерден болуп калбагын!” (деп айтылды).
15. Айткын: “Эгер мен (ширк келтирүү менен) Раббиме күнөөкөр болсом, Улук Күндүн азабынан коркомун”.
16. Ошол Күндө кимден азап четтетилген болсо, демек ага Аллах ырайым кылыптыр. Жана бул – анык жеңиш!
17. Эгерде Аллах сени (кембагалдык, оору, кайгы ж.б.у.с.) зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. Ал эми, эгер бир жакшылык менен кармаса. Ал ар бир нерсеге Кудуреттүү.
18. Жана Ал пенделердин үстүнөн өкүмүн жүргүзүүчү. Жана ал - Даанышман, (бардыгынан) Кабардар!
19. Айткын: “(Менин чынчылдыгыма) эң чоң күбө кайсы?” Айт: “Аллах! Ал мени менен силердин араңарда Күбө жана мага мына бул Кураан вахий (илахий кабар) түрүндө берилди, силерди жана ал жетип барган баардык адамдарды эскертишим үчүн». (Оо, илахий кабар-дан жүз бургандар!) Силер: “Аллах менен бирге башка кудайлар бар” - деп күбөлүк бересиңерби?!” Айткын: “Мен (андай) күбөлүкбербеймин!” Айткын: “Албетте Ал - жалгыз (сыйынууга татыктуу) Кудай! А, мен болсо, силердин ширк амалыңардан тазамын!”
20. Биз китеп берген адамдар (өздөрүнүн ыйык китептеринде алдын ала кабар берилгени себептүү) аны (Мухаммадды) өздөрүнүн перзенттерин тааныгандай таанышат. Алар өздөрүнө зыян кылышты. Эми алар ыйманга келишпейт.
21. (“Аллахтын баласы же шериги бар” деп) Аллахка жалаа жапкан жана Анын аяттарын жалганга чыгарган адамдан заалымыраак ким бар?! Албетте, (андай) заалымдар (тозоктон) кутулбайт.
22. Жана Биз ошол (Кыямат) Күндө алардын баардыгын чогултуп, мушриктерге: “(Аллахтын шериктери) деп эсептеген кудайыңар кана?” - дейбиз.
23. Кийин алардын кыянат жооптору: “О, Раббибиз! Аллахка ант, биз мушрик эмес болчубуз” - деген сөздөр гана болот.
24. Карачы, өздөрүнө да кандай жалгандарды ойлоп тапканын жана (ойлорунан) чыгарган «кудайларынын» алардан жок болуп калганын.
25. Алардан (мушриктерден) кээ бирөөлөрү (Кураан окуганыңда) сени (карөзгөйлүк менен) угушат. Бирок, Биз алардын жүрөктөрүнө - Кураанды түшүнбөсүн үчүн - парда каптап, кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгер алар бардык моожизаларды көрсө да ишенишпейт. Жадагалса, сенин алдыңа талашып-тартышып келишкен кезде, каапырлар: “Бул (Кураан) абалкылардын жомокторунан башка нерсе эмес” - дешет.
26. Жана алар андан (башкаларды да) кай-тарышат, өздөрү да алысташат. Бирок, (бул иштери менен) өздөрүн гана кыйроого түрткөндөрүн билбей калышат.
27. (Оо, Мухаммад!) Аларды Тозоктун үстүнө (тике) тургузуп коюлганда (бушайман болушуп): “Атаганат, кана эми, (дүйнөгө) кайтарылсак, Раббибиздин аяттарын жалган дебей, момундардан болуп жашасак?!”- дегендерин бир көрсөң эле...
28. Бекер айтышат! Аларга мурун ичине каткан нерселери айкын болуп калган(дан улам ушинтип жатышат). Эгер (дүйнөгө) кайтарылса деле, тайманбастан (Шариятта) кайтарылган (арам) иштерге кайтышмак. Анткени, алар - анык жалганчылар.
29. Жана алар: “Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Биз кайрадан тирилбейбиз” - дешти.
30. Эгер сен аларды Раббисинин алдына тургузулуп (Аллах): “Бул (кайра тирилүү) чындык эмес бекен?!”- деп сураганда, алардын: “Ооба, йа, Рабби! Чындык экен” - дегендерин жана (Аллах аларга): “Каапыр болгонуңар себептүү, эми азаптын даамын таткыла!” - дегенин бир көрсөң эле...
31. Аллахка жолугууну “жалган” деген адамдар зыян тартышты! (Анткени,) Качан аларга (Кыямат) капысынан келип калганда, күнөөлөрүн жонуна көтөрүп алган абалдарында: “О-о-о!!! Дүйнө жашоосун (пайдасыз) өткөрүп жибергенибиз үчүн бизге кайгы!!! деп калышты. Алардын көтөргөн күнөөлөрү кандай жаман!
32. Дүйнө жашоосу (тез өтүп кетүүчү) оюн-тамашадан башка эч нерсе эмес. Такыба кишилер үчүн Акырет жашоосу жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
33. (Оо, Мухаммад!) Алардын сөздөрү сени капа кылганын көрүп турабыз. Алар сени гана “жалганчы” дешкен жок. Бирок заалымдар Аллахтын аяттарын дагы четке кагып жатышат.
34. Сенден мурунку Пайгамбарларга деле “жалганчы” деген жалаа жабылган. Жана алар бул жалааларга, заалымдыктарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Аллахтын (Кураандагы) сөздөрүн эч ким башкасына алмаштыра албайт. Жана сага абалкы Пайгамбарлардын кабары келди го.
35. Эгер алардын (акыйкаттан) бурулуп кетүүсү сага оор болсо, (аларды ээрчитип алууга ушунчалык кызыксаң) эгер колуңан келсе, жерге (түшчү) жарака, асманга (чыкчу) шаты издеп, аларга (ишендире турган) бир моожиза таап бер! Эгер Аллах кааласа, Өзү аларды Туура Жолго чогултуп алмак! (Сабырсыз) наадандардан болбогун!
36. (Оо, Мухаммад, дааватыңа) уга турган адамдар гана жооп беришет. Ал эми, (жүрөгү) өлүктөр болсо, (бул дүйнөдө динди кабыл албайт) Аллах аларды кайра тирилтет. Анан Өзүнө кайтарылышат.
37. Жана (мушриктер): “Ага (Мухаммадга) Раббисинен бир далил-моожиза түшсө экен” - дешет. Айткын: “Аллах (силер тилегендей) далилди түшүрүүгө да Кудуреттүү”. Бирок, алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт.
38. Жерде жүргөн - сойлогондун жана эки канаты менен асманда учкандын баары силер сыяктуу эле коом - үммөт. Биз Ките эч нерсени(н тагдырын жазбастан) калтырып койгон эмеспиз. Кийин (адамдардын бардыгы) Раббисине чогултулат.
39. Биздин аяттарыбызды жалган дегендер (наадандык) караңгылыгында калган сокурлар жана дүлөйлөр. (Алар акыйкатты көрө да, уга да алышпайт) Аллах Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаган пендесин Туура Жолго салып койот.
40. (Мушриктерге) Айткын: “Эгер чынчыл болсоңор айткылачы, эгер силерге Аллахтын азабы же болбосо Кыямат келип калса, Аллах-тан башкага (жардам сурап) дуба кыласыңарбы?!”
41. Жок! Ага гана дуба кыласыңар! Ал эгер кааласа силер дуба кылып сураган нерсени (азапты) арылтат. Ал эми, Аллахка шерик кылган “кудайыңарды” (башыңарга азап түшкөндө) унутуп коёсуңар.
42. Биз (О, Мухаммад!) сенден мурунку эл-дерге да Пайгамбарларды жибергенбиз. (Бирок, Пайгамбарларды «жалганчы» дешкенден) кийин аларды тооба-топук кылуулары үчүн балээ - зыяндар менен кармадык.
43. Аларга биздин балээ - зыяныбыз келгенде тооба кылышса кана! Бирок, жүрөктөрү таш болуп калган жана шайтан аларга (күнөө иштерин) кооздоп көргөзгөн!
44. Анан, өздөрүнө эстетилген нерселерди (балээ-зыяндарды) унутуп (шайтанга жетеленип) калышканда, биз аларга бардык нерселердин эшигин ачык койдук. Өздөрүнө берилген нерселер менен сүйүнүп турганда, капыстан, (күтпөгөн балээ менен) кармап койдук эле, дароо үмүтсүз абалда калышты.
45. Мына ушинтип, заалим адамдардын “куйругу кесилди” (тукум курут кылынды). Ааламдардын Раббиси - Аллахка мактоолор болсун!
46. Айт (оо, Мухаммад): “Кандай дейсиңер, эгер Аллах силердин көзүңөрдү, кулагыңарды алып (сокур-дүлөй кылып) жана жүрөгүңөргө мөөр басып койсо, аларды Аллахтан башка кайсы “кудай” кайтарып бере алат?!” Биз далилдерди кандай тизмектеп келтиргени-бизди жана (ушуга да көзү ачылбай) кийин бурулуп кетишкенин көрүп ал.
47. Айткын: “(Оо, мушриктер), айткылачы, эгер силерге Аллахтын азабы капыстан (сездирбей) же ачыкчасына келсе, заалим (мушрик) адамдардан башка ким кыйратылат?!”
48. Биз Пайгамбарларды (Бейиштен) кушка-бар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып жиберебиз. Эми, ким ыйман келтирип, салих (жакшы) иштерди жасаса, аларга коркунуч да, кайгы-капа да жок.
49. Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар, жасаган бузук иштери үчүн азапка салынат!
50. Айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллахтын казналары бар” дебеймин. Дагы мен кайыпты да билбеймин. Жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө вахий (кабар) кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. Айткын: “Сокур менен көздүү киши тең боло алабы? Пикир кылбайсыңарбы?!”
51. Сен Раббисине чогулуудан корко турган адамдарды ал (Кураан) менен эскерткин. Аларга Андан башка дос-башчы да, күнөөсүн өчүрүүчү да жок. Кана эми, такыбаалуу болуш-са!
52. Эртели-кеч Раббисине, Анын Жүзүн каалап дуба кылган (такыба) кишилерди (алдыңдан) айдабагын! Алардын эсебинен сага эч нерсе жок. Сенин эсебиңен аларга эч нерсе жок. Аларды айдап, заалым адамдардан болбогун!
53. “Биздин арабыздан Аллах нээмат берген-дер - ушуларбы?!” деп, (текеберлене) сурагандары үчүн Биз аларды (бай-кедей кылып) бири-бири менен сынадык. Шүгүр кылгандарды Аллах көбүрөөк Билүүчү эмеспи?!
54. Эгер сага, Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдар келсе, аларга: “Сиздерге салам! Раббиңер Өзүнө ырайымдуулукту жазды. Араңардан кимде-ким билбестен күнөө иш жасап, соңунан тооба келтирип, салих амал кылса, албетте, Ал (Аллах) Кечиримдүү, Ырайымдуу” - деп айткын.
55. Биз, кылмышкер адамдардын жолу айкын болушу (жана силер ал жолдон сак болушуңар) үчүн Өзүбүздүн аяттарды мына ушинтип толук баяндайбыз.
56. Айткын: “Мен, Аллахтан башка силер жалбарып, дуба кыла тургандарга (буттарга) ибадат кылуудан кайтарылдым”, Айткын: “Мен силердин каалооңорду ээрчибеймин. Анда мен адашып, Туура Жол тапкандардан болбой калам”.
57. Айткын: “(О, мушриктер), мен Раббим тарабынан берилген анык далилдердин үстүндөмүн. Силер болсо, аны “жалган” деп жатасыңар. Силер шаштырып жаткан нерсе (азап) менин алдымда эмес. Өкүм Аллахтын Өзүнө гана тиешелүү. Ал акыйкатты анык-ажырым кылат. Ал эң жакшы ажырым кылуучу.
58. Айткын: “Эгер силер шаштырган нерсе (азап) менде болгондо, мени менен силердин араңардагы “иш” эчак эле бүтмөк. Аллах заалым адамдарды Билүүчү.
59. Кайыптын ачкычтары (илими) Анын гана алдында. Аны бир Өзүнөн башка эч ким билбейт. Ал (Аллах) кургактагы, деңиздеги бардык нерселерди билет. Жадагалса, бир жалбырак үзүлүп түшчү болсо – аны да билет. Кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун, (бардыгынын кабары) Анык Китепте (Лавхул Махфузда) бар.
60. Ал түндөсү силерди (уктатуу менен) жаныңарды алат. Күн бою эмне кылып жүргөнүңөрдү да билет. Кийин ал силерди күндүзү кайра тирилтет, белгиленген мөөнөт (өмүр) толук болушу үчүн. Кийин (өмүр толук бүткөндө) кай-тып барууңар - Өзүнө. Андан соң (Кыяматта) Ал силерге эмне кылып жүргөнүңөрдүн каабарын берет.
61. Ал пенделеринин үстүнөн Өкүмдар. Жана Ал силерге Өзүнүн “хафаза”246 периштелерин жиберет. Качан силердин бирөөңөргө өлүм (убактысы) келгенде, Биздин (жан алгыч периштелерден турган) элчилерибиз өз убактысынан кечиктирбей анын жанын алышат.
62. Кийин алар (өлгөн пенделер) чыныгы кожоюндары – Аллахка кайтарылышат. Уккула! Өкүм Өзүнө гана таандык! Ал эң эле тез эсептешүүчү.
63. (Мушриктерге): “Кургактагы жана деңиз-деги апааттарда жалбарып жана ичиңерден: “Эгер ушунан куткарса, сөзсүз шүгүр (ибадат) кылуучулардан боломун” - деп кимге дуба кыласыңар жана силерди (ошол балээден) ким куткарат?” деп айткын.
64. Айткын: “Силерди ал апааттардан жана башка бардык кайгылардан Аллах гана куткарат. Кийин силер дагы эле (Ага башка “кудайлары”) шерик кыла бересиңер”.
65. Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!”248 (Оо, Мухаммад, адамдар акыйкатты) түшүнүп алышсын деп, далилдерди ар кандай ыкмада тизмектеп жатканыбызды көрүп кой.
66. Сенин (Меккедеги) коомуң аны (Кураанды) “жалган” - деди. Чынында, ал - акыйкат. Айткын: “Мен силерге кароолчу эмесмин.
67. Ар бир кабардын өз убактысы бар. Жана тез арада анын чындык экенин билип аласыңар.
68. Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыкка каршы сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңен чыгып алар менен отурган болсоң) эстегениңден кийин заалым коомдор менен отурба!
69. Такыба (Аллахтан корккон) кишилердин мойнунда алардын (мушриктердин) эсебинен эч нерсе жок. Бирок, акыл-насаат айтуу гана бар. Мүмкүн алар дагы такыба болуп калышаар.
70. Диндерин оюн-тамашага айлантып, дүйнө жашоосуна алданып калган адамдардан оолак бол! Жана аларга Кураан менен (төмөнкүлөрдү) эскерт: Ар бир жан өзүнүн гана кылган иши менен өлүмгө кабылат. (Ошондо) ага Аллахтан башка эч бир дос, эч бир колдоочу болбойт жана (эгер күнөөсүнүн кечирилиши үчүн) ар кандай (баалуу) нерсени берсе да, анысы кабыл кылынбайт. Алар өз кылмыштары менен өлүмгө (тозокко) жолуктурулат. Аларга (тозокто) кайнак суу менен жан ооруткан азап бар, каапыр болгондору үчүн!
71. Айткын: (“Оо, мушриктер), биз (силерге окшоп) Аллахтан башка, не пайда, не зыян жеткире албай турган нерселерге дуба кылат бекенбиз?! Жана да, жер бетиндеги, (бир жагынан) шайтандар азгырып, (экинчи жагынан) өзүнүн достору “кел” деп, Туура Жолго чакырып турганда (орто жолдо) эмне кылаарын билбей калган адам сыяктуу, Аллах Туура Жолго баштап койгон соң, дагы артыбызга кайтат бекенбиз?!” Айткын: “Туура Жол - бул Аллахтын жолу. Жана биз ааламдардын Раббисине моюн сунууга буюрулдук”.
72. (Дагы биз) “Намазды толук окугула жана Аллахтан такыбаа кылгыла” (деп буюрулганбыз). Ал – баарыңар чогулуп бара турган Кудай.
73. Жана Ал - асмандар менен жерди акыйкат менен жараткан Кудай. Ал “бол!” деген күндө болуп (жаралып) калат. Анын Сөзү - чындык! «Сур» (деген чоор) тартылган күнү бүт падышалык Ага гана таандык болот. Ал көрүнгөндү да көмүскөнү да Билүүчү! Жана Ал – Даанышман, Кабардар.
74. Эстегин: Ибрахим атасы Аазарга: “(Ушул пайда же зыян бере албаган) таштарды сыйынууга татыктуу кудайлар деп билесизби? Мен сизди жана коомуңузду анык адашууда деп ойлоймун” - деди.
75. Ошентип, Биз Ибрахимге анык ишенүүчүлөрдөн болушу үчүн асмандардагы жана жердеги мүлктөрдү көргөздүк.
76. Аны түн (караңгылыгы) ороп алганда (чырактай) жылдызды көрүп: “Бул - менин Раббим” деди. Ал эми, жылдыз кайып болуп кеткенде “Жоголуп кетүүчүлөрдү сүйбөймүн” деди.
77. Анан, (жаркырап) чыгып келген Айды көрө калып: “Мына, менин Раббим!” - деди. Кийин, Ай дагы жоголуп кеткенде “Эгер Раббим мени Туура Жолго баштабаса, адашуучулардан болуп каламын!” - деди.
78. Андан соң, (нур чачып) чыккан Күндү көрүп, «Раббим – ушул! Ушул эң чоңу!» деди. Анан Күн дагы батып кеткенде: (Асман-Жер мүлктөрүнүн Кудай эместигине анык ишенип, жалгыз Рабби - Аллах экенинен шек санабай) “Оо, элим! Мен силер (Аллахка) шерик кылып жаткан (бардык) нерселерден тазамын!
79. Мен адашуучулуктан акыйкатка көчкөн абалда, жүзүмдү асмандар жана жерди жараткан чыныгы Кудайга (Аллахка) бурдум. Жана мен (эч качан) мушриктерден бол-боймун” - деди.
80. Жана ага (каршы) өз эли каяша айта баштаганда, ал: “Мени менен Аллах жөнүндө тартышып жатасыңарбы?! Ал мени Туура Жолго баштады! Мен силер (Аллахка) шерик кылып жаткан “кудайыңардан” коркпоймун! (Алар эч кандай пайда-зыян келтире албайт) Бир гана, Раббим каалаган нерсе болот. Менин Раббим бардык нерсени Өз илими менен ороп алган. (Ушулар жөнүндө ойлонсоңор болбойбу?!” - деди.
81. Силер (анын кудай экенине Аллах) эч бир далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылуудан коркпосоңор, мен кантип силер (Аллахка) шерик кылган “кудайлардан” коркуп калайын?! Эгер билсеңер, айткылачы, кайсыл тарап бейпилдикке көбүрөөк акылуу (силерби же менби)?
82. (Жалгыз Раббиге) ыйман келтирип, ыймандарына зулум (ширк) аралаштырбаган адамдарга гана бейпилдик-тынчтык болот. Жана алар - Туура Жол тапкандар!
83. (Мушрик болгон) коомунан жогору (келүү үчүн) Биз Ибрахимге берген далилдер – ушулар. Биз каалаган пендебиздин даражасын көтөрүп коёбуз. Албетте, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.
84. Жана Биз ага (Ибрахимге) Исхак менен (уулу) Якубду белек кылдык. Биз ал экөөнү тең Туура Жолго баштаганбыз. Жана биз (алардан) мурун Нухту Туура Жолго багыттадык. Дагы анын урпактарынан Даудду жана Сулайманды, Айюбду жана Юсуфту, Мусаны жана Харунду (туура Жолго багыттаганбыз) Биз жакшылык кылуучу адамдарды мына ушинтип сыйлайбыз.
85. Жана Закария, Яхя, Ыйса, Илясты (дагы Туура Жолго баштадык) бардыгы салих (жакшы, такыба) адамдардан.
86. Жана Ысмайыл, Аль-Ясаъ, Юнус, Лутту да (Туура Жолго багыттадык). Жана бардыгын ааламдардан абзел кылдык.
87. Алардын аталарын, урпактарын жана ага-инилерин да (башка элдердин арасы-нан) тандап алып, Туура Жолго баштадык.
88. Ушул - Аллахтын Туура Жолу. Пенделеринин арасынан Өзү каалаганын ага жолдойт. Эгер алар Аллахка шерик кошчу болсо, (ким болушуна карабай) жасаган бардык (жакшы) иштери күйүп кетет.
89. Ошолор – Биз аларга Китепти, өкүмдү жана пайгамбарчылыкты берген адамдар. Эгер алар (мушриктер аяттарга) каапыр болушса, Биз аны каапыр болбой турган башка адамдарга тапшырабыз.
90. Ошолор (жогоруда саналгандар) Аллах Туура Жолго баштаган Пайгамбарлар. (Оо, Мухаммад!) Сен ошолордун гана жолуна ээрчигин. (Коомуңа Аллахтын сөздөрүн окуп берип “Мен бул үчүн силерден акы сурабаймын. Булар ааламдар үчүн насааттан башка нерсе эмес” дегин.
91. Алар (Мекке мушриктери менен яхудийлер) Аллахка туура баа бере албай, бир кезде: “Аллах адамзатка эч нерсе түшүргөн жок” - дешти. Айткын: “Муса адамдарга Туура Жол, Нур болушу үчүн алып келген, силер аны кагаздарга жазып алып, кээ бирөөлөрүн гана (элге) ашкере көргөзүп, көпчүлүк бөлүгүн жашырып койгон жана силер да, ата-бабаңар да билбеген нерселерди силерге үйрөткөн Китепти (Тооратты) ким түшүрдү эле?!” Айткын: “Аллах (түшүргөн)!” Кийин аларды адашуучулугунда тереңдеп, ойноп-күлгөн абалдарында таштап кой!
92. Биз сага түшүргөн бул Китеп Ыйык- берекеттүү. Өзүнөн мурунку китептерди тастыктоочу жана шаарлардын энеси (Мекке) менен анын тегерегиңде жашаган адамдарга насаат-эскертүү болуу үчүн (түшкөн). Акыретке ыйман келтирген адамдар, ага да ыйман келтиришет жана алар намаздарын сакташат (убактысында окушат).
93. Өзүнө эч кандай вахий келбесе деле, Аллах жөнүндө жалганды ойлоп таап: “Мага Аллахтан вахий келди” жана “Мен деле Аллах түшүргөн сыяктуу Дин-Шарият түшүрө (түзө) аламын” деген адамдардан өткөн заалым барбы?! Сен ошол заалымдардын өлүм далбасасында жаткан мезгилдегисин жана периштелер аларга колун созуп (сабап-кыйнап): “Жаныңарды чыгаргыла! Бүгүн силер Аллахтын аяттарынан текеберлене жүз үйрүп, Аллахтын атына жалган-жалааларды айтканыңар себептүү кордук азабы менен жазаланасыңар” дегенин бир көрсөң...
94. Мына, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, өзүңөр жалгыз келдиңер го, Бизге! Жана Биз берген (байлык, бийлик, дос, жардамчы ж.б.у.с.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллахтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды деле көрбөй жатабыз?! Араңар үзүлдү! Жана силер (пайда деп) ойлогон нерсеңер жок болду!
95. Аллах данды да, данекти да жаруучу! Өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат! (Ал) ушундай Аллах! Дагы (Өзүнө сыйынбай) кайда кетип баратасыңар?!
96. (Ал түндү) жарып таңды чыгаруучу. Жана Ал түндү башпаанек, Күн менен Айды эсеп (убакытты билдирип туруучу нерселерден) кылды. Бул – Жеңүүчү Кудуреттүү, Билүүчү Аллахтын тагдыры
97. Жана Ал жылдыздарды силер үчүн, аны менен деңиздер менен кургактыктын караңгылыгында жол табууңар үчүн жараткан. Биз (Өз кудуретибизге далил болгон) белгилерди, билген адамдар үчүн (мына ушинтип) толук баян кылдык.
98. Жана Ал силердин жаратылышыңарды бир гана жандан (Адам-Атадан) баштаган. (Бардык адамдар) түбөлүк жайда жана убактылуу орундарда (болушат). Түшүнгөн адамдар үчүн Биз далилдерди толук баян кылдык.
99. Жана Ал асмандан (адамдар, айбандар жана өсүмдүктөр зарыккан) сууну түшүрдү. Кийин Биз ал (суу) менен ар түрдүү өнүп-өскөн нерселерди чыгардык. Алардан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо, тизилген дандарды (машактарды) чыгарабыз. (Ошондой эле) курмадан - анын муун-бутактарынан (терип алуучулар үчүн Аллахтын кудурети менен) ийилген кошмок шиңгилдер (чыгарылат) Жана (Биз) жүзүм бактары менен бирге зайтундан, анардан бири-бирине окшогон жана окшобогондорун чыгарабыз. (О, адамдар!) силер алардан ар биринин түйгөн мөмөлөрүнө жана бышып жетилген мөмөлөрүнө карагыла. Албетте, бул байкооңордо ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) далилдер бар.
100. (Мушриктер) Аллахка жиндерди шерик кылышты. Чынында, бардыгын Аллах жараткан. Дагы алар илимсиздик менен Анын (Аллахтын) уул - кыздары бар деп жалаа жабышты. Аллах, алар сыпаттагандан Таза жана Бийик.
101. (Ал) Асмандарды жана жерди жоктон бар кылган. Анын аялы жок болсо, баласы кайдан болсун?! Ал бардыгын Өзү жараткан жана Ал бардык нерселерди Билүүчү.
102. Ушул Аллах - силердин Раббиңер! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Анын Өзү бар. Ал ар бир нерсенин жаратуучусу. Эми, Ага гана ибадат кылгыла! Жана Ал бардык нерселердин Башкаруучусу.
103. Көздөр аны камтый албайт. Ал көздөрдү камтыйт. Ал – Жумшак (жана) Кабардар.
104. (Оо, Мухаммад, адамдарга айт «Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди. Ким аларды көрсө - өз пайдасы. Ким сокур болуп алса - өзүнө зыян! Мен силердин үстүңөрдө корукчу эмесмин.»
105. Ошентип, (о, Мухаммад, сага каапырлар “Кураанды бирөөлөрдөн) үйрөнгөнсүң” деп айтуулары үчүн жана аны билген (түшүнгөн) адамдарга баян кылып беришибиз үчүн аяттарыбызды ар түрдүү шекилде тизмектеп бердик.
106. Өзүңө Раббиң тарабынан вахий (кабар) кылынган нерселерди гана ээрчигин. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Ал гана бар. Жана сен мушриктерден жүз бур!
107. Эгер Аллах каалаганда, алар ширк келтиришпейт эле. Биз сени аларга кароолчу кылбадык жана сен аларга өкүл (жоопкер) да эмессиң.
108. (О, момундар!) Аллахтан башкага дуба (ибадат) кылгандарды(н “кудайларын”) сөкпөгүлө. Антсеңер, алар дагы душмандык кылып, илимсиздик менен Аллахты сөгүшөт. Биз бардык элдерге өз амалдарын кооз көргөзүп койдук. Кийин, бардыгынын кайтаар жери – Раббисине. Анан Ал (бардыгына бул дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын берет.
109. (Мушриктер) эгер аларга бир моожиза келсе, ага сөзсүз ыйман келтирүүлөрү жөнүндө жан үрөп Аллахтын аты менен ант ичишет. Айткын: “Моожизалар Аллахтын алдында”. Силерге эмне билдирди?! Чынында, моожиза келсе да алар ыйман келтиришпейт!
110. (Аларга) биринчи ирет (сунушталган-да) ыйманга келбегендери сыяктуу Биз алардын көздөрүн жана жүрөктөрүн оодарып коёбуз жана аларды адашуучулугунда тентиген абалда таштап коёбуз.
Сегизинчи бөлүм
111. Эгер биз аларга (Пайгамбардын өзүнө жолуккан) периштелерди түшүрсөк да, эгер аларга (Мухаммад алып келген нерсенин чындыгын) өлүктөр (тирилип) айтып берсе да, (моожизанын) бардыгын аларга топтобу менен алып келсек да ыйман келтиришпейт. Аллах кааласа гана ыйман келтиришет. Бирок, алардын көпчүлүгү наадан адамдар.
112. Ошондой эле, биз ар бир Пайгамбарга адам-шайтан жана жин-шайтандардан душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бир-бирине (жалганга жуурулган) бал сөздөрдү шыбырашышат. Эгер, Раббиң кааласа андай кылмак эмес. Эми, аларды токуган дооматтары менен (кошо) таштап сал,
113. ал сөздөргө Акыретке ыйман келтирбеген адамдардын жүрөктөрү муюп, ыраазы болуп, билген (арам) иштерин жасап жүрө бериши үчүн!
114. (Айткын): «Аллахтан башканы өкүмдар кылып алайынбы?! Ал силерге Китепти, (бардык адал-арамды) толук (баяндоочу) кылып түшүрдү». Биз Китеп берген элдер (яхудийлер менен христиандар) Кураандын Раббиң тарабынан Акыйкат менен түшүрүлгөнүн билишет. (Сен буга) шектенүүчүлөрдөн болбо!
115. Раббиңдин Сөздөрү бардык чындык – адилетти (баяндап) бүтүргөн. Анын Сөздөрүн өзгөртүүчү жок. Ал – Угуучу, Билүүчү.
116. Эгер сен жер бетиндегилердин көпчүлүгүнө моюн сунсаң, сени Аллахтын Жолунан адаштырып салышат. (Анткени,) Алар күмөнгө гана ээрчишет жана жалгандарды ойлоп табышат.
117. Сенин Раббиң, Өзүнө алып барчу жолдон адашып кеткендерди эң жакшы билет. Жана Туура Жол тапкандарды да эң жакшы билет.
118. (Оо, момундар!) Эгер Аллахтын аяттарына ыйман келтирген болсоңор, Аллахтын ысымы айтылган нерселерден гана жегиле.
119. Силерге эмне болду, Аллахтын ысымы айтылган нерселерден жебей жатасыңар?! Аллах силерге арам болгон нерселерди толук баяндап берди го! Бир гана аргасыз калганыңарда (жан сактоо үчүн жесеңер – уруксат). Албетте, көпчүлүк адамдар билбестиктен улам, өз каалоолорун ээрчип, адашып кетишүүдө. Раббиң чектен чыгуучуларды жакшы билет.
120. Күнөөлөрдүн көрүнгөнүн да, көмүскөсүн да таштагыла! (Кандай гана болбосун) күнөө иш жасаган адамдар өз кылмыштарына жараша жакында жазаларын алышат.
121. Аллахтын ысымы эскерилбеген нер-селерден жебегиле! (Анткени,) Ал – анык бузукулук! Албетте, шайтандар өздөрүнүн досторуна (мушриктерге) силер менен талашып-тартышууну илхам кылышат. Эгер аларга моюн сунсаңар, силер дагы мушриксиңер!
122. Жаны жок кезде Биз ага жан берип, адамдар арасында аны менен (жолун жары-тып) жүрө турган нурду колуна карматып койгон адам караңгылыктардан чыкпай жүргөн адамга окшомок беле? Ушул сыяктуу, каапырларга жасап жаткан иштери (шайтандар тарабынан) кооз көргөзүлүп коюлган.
123. Ошентип, Биз ар бир айыл-шаарга, ошол жерде (динге каршы) айла-амал кылуусу үчүн, күнөөкөр чоңдорун койдук. Алар амалкөйлүк кылышат, бирок сезбеген абалда өздөрүн-өздөрү алдашат.
124. Эгер аларга (Ислам чындыгына) далил келчү болсо (текеберленишип): “Аллахтын Пайгамбарларына берилген нерсе (пайгамбарлык) бизге да берилмейинче ыйман келтирбейбиз” - дешет. Аллах Өз пайгамбарлыгын кимге берүүнү жакшы билет. Күнөөкөр адамдар болсо, Аллахтын алдында, (динге каршы) айлакерликтери үчүн кор кылуучу, катуу азапка дуушар болушат.
125. Аллах кимди хидаятка (Туура Жолго) баштоону кааласа, анын көкүрөгүн Исламга ачып койот. Ал эми, кимди адаштырууну кааласа, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу тар кылып коёт. Аллах ыйман келтирбегендерге мына ушинтип жаза берет.
126. Мына ушул (жогоруда айтылгандар) Раббиңдин Туура Жолу. Биз (Аллахты) эстеген адамдар үчүн аяттарды толук баяндап бердик.
127. Ошол (Аллахты эстеген) адамдарга Раббисинин алдында Тынчтык үйү (Бейиш) бар. Жасаган (жакшы) иштери үчүн (Бейиште) алардын камкору Аллах!!!
128. Алардын бардыгын чогулта турган Күндө (Аллах) «О, жиндердин жамааты! Инсандардан (азгырганыңарды) көбөйтүп жибердиңер!» (дейт). Анан жиндердин (азгырыгына кабы-ган) инсандардан болгон достору (күнөөсүн мойнуна алып): “О, Раббибиз! Биз бири-бирибизден пайдаланган болчубуз. Эми, Өзүң бизге белгилеп койгон убакытыбызга (Кыямат сурагына) келдик” дешет. «Жайыңар - тозок! дейт (Аллах). Анда түбөлүк каласыңар! Аллах каалагандар гана (чыгарылат)» Чынында, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.
129. Ошентип, биз, жасаган кылмыштары(нын окшоштугу)на карап, заалымдарды бири-бирине дос кылып коёбуз.
130. Оо, жиндер жана инсандардын (каапыр) жамааты! Силерге өзүңөрдүн араңардан (Биздин) элчилер келип, Менин аяттарымды окуп берип, ушул күнүңөрдөгү жолугушуу жөнүндө силерди эскертпеди беле?! Алар: “Өзүбүзгө каршы күбө болдук!” дешет. Аларды дүйнө жашоосу(нун арам кооздуктары) алдап койгон эле. Мына эми, өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбө болушту.
131. Мунун себеби: Сенин Раббиң эч бир шаарды, элдерин эскертпей туруп, адилетсиздик менен азапка дуушар кылбайт.
132. Ар бир адам үчүн өз иштерине жараша даражалар бар. Сенин Раббиң алардын (пенделердин) иштеринен бейкапар эмес.
133. Жана сенин Раббиң Ырайымдуу, Бей-муктаж. Эгер Аллах кааласа силерди башка коомдун тукумунан (алардын ордуна) өндүрүп чыгарганы сыяктуу, силерди да кетирип, артыңардан Өзү каалаган (башка) коомду алып келип коёт.
134. Силерге убада кылынган нерсе (Кыямат) албетте келет. Жана силер Аллахты алсыз кыла албайсыңар! (Ал белгилеген жазадан качып кете албайсыңар.)
135. Айт: “Эй, коомум! Ушул турушуңарда (билген) ишиңерди жасай бергиле. Мен да (Аллахтын буйруктарын) аткара берем. Кийин, Акырет үйүндөгү (жакшы) акыбет кимдин пайдасына болушун жакында билип ала-сыңар. Чынында, заалымдар жеңишке жетпейт.
136. (Мушриктер) Аллах жараткан эгин-дерден жана мал-жандыктардан Аллахка насип-үлүш ажыратышып, өз күмөндөрү боюнча: “Бул – Аллахка, мунусу (Аллахтан башка) кудайларыбызга” - дешти. “Кудайларына” ажыратылган нерселер Аллахка (ажыратылган үлүшкө) кошулбай, ал эми, Аллахка ажыратылган нерселер “кудайларына” (ажыратылган үлүшкө) кошула берет. (Бул) өкүмдөрү кандай жаман!!!
137. Ошондой эле, көпчүлүк мушриктерге (уруу башчыларынан жана шайтандардан болгон) “кудайлары” аларды жок кылуу жана диндерин башаламан (түшүнүксүз) кылып таштоо үчүн өз (ымыркай) балдарын өлтүрүүнү кооздоп көргөздү. Жана эгер, Аллах каалаганда (бул иштерин) жасашпайт болчу. (О, Мухаммад), аларды өздөрү ойлоп чыгарган жөрөлгөлөрү менен жөн кой!
138. Дагы алар (Аллахка жалаа жаап): “Мына бул жандыктар менен эгиндер - арам. Аларды биз каалагандан башка адамдар жебейт. Жана (мына бул) жаныбарлардын үстү(нө жүк жүктөө жана минүү) -арам. Ал эми (мына бул) жаныбарларга (аларды мууздап жатканда) Аллахтын атын айтууга болбойт” - дешти. (Бул сөздөрү) Аллахка доомат! Аллах аларга жакында доомат кылгандарына жараша жаза берет.
139. Дагы алар: “Мына бул жаныбарлардын курсагындагы (баласы) эркектерибизге - адал, аялдарыбызга - арам. Эгер өлүк (туулган) болсо, анда аял-эркеги шерик болушат (экөө тең жей берет)” - дешти. Аллах аларды (Өзү адал кылганды “арам” деп, арам кылгандарын “адал” деп) сыпаттагандары үчүн жакын арада жазалайт. Ал Даанышман, Билүүчү.
140. Наадандык жана акмакчылык менен перзенттерин өлтүрүп, өздөрүнө Аллах ырыскы кылып берген нерселерди Аллахка жалаа жабуу менен арамга чыгаргандар (өздөрүнө) зыян кылышты. Алар тап-такыр адашып кетишти жана Туура Жол табуучу болушпады.
141. Ал (силер үчүн, тирөөч-таканчыктарга) көтөрүлө турган жана көтөрүлбөй турган бактарды, курма жана ар түркүн мөмөлүү эгиндерди (бутак-жалбырагы) бири-бирине окшогон, (мөмөсү менен даамы) окшош-погон зайтун-анарларды өндүрдү. Мөмөлөгөн кезде андан жегиле жана түшүм жыйнаган күнү акысын (үшүр-зекетин) бергиле. Жана ысырап кылбагыла! Ал ысырапкерлерди сүйбөйт.
142. Жандыктардан жүк ташыгычтарын жана (мууздаш үчүн) жаткырыла тургандарын (жаратты). Аллах силерге ырыскы катары берген нерселерден жегиле. Шайтандын изинен ээрчип кетпегиле! Ал силерге анык душман!
143. (Малдан) сегиз эркек-ургаачыны (жаратты): койдон экөө, эчкиден экөө. Айткын: “(Аллах) эки эркегин арам кылдыбы же эки ургаачысынбы. Же болбосо эки ургаачынын (ургаачы кой менен ургаачы эчкинин) курсагындагы балдарынбы? Эгер чынчыл болсоңор, мага илим менен (түшүндүрүп) айткылачы?!
144. Төөдөн экини (эркек-ургаачысын) жана уйдан экини (жаратты). Айткын: “(Аллах) эки эркегин арам кылды беле, же эки ургаачысынбы? Же болбосо, (бир төө, бир уйдан турган) эки ургаачынын жатынындагы нерсениби?! Же, Аллах силерге ушуну осуят кылганына күбө болдуңар беле?! Эч нерсени билбей туруп, адамдарды адаштыруу үчүн Аллахтын атынан жалган айткан адамдан заалымыраак ким бар?! Аллах заалым коомдорду Туура Жолго баштабайт!
145. Айткын: «Мага (Аллах тарабынан) вахий кылынган нерселердин арасынан тамак-тануучулар үчүн (силер айткан) арам нерсени таппай турам. Бир гана тарп, төгүлгөн кан, же доңуздун эти болсо - ал ыпылас, арам! Же фасыктык менен Аллахтан башкага арнап союлган болсо (бу дагы арам).» Ал эми, ким (ошол арамдан башка жегилик таппай) аргасыздыктан, араанын агытпай, (өзөктү жалгаганга чейинки) чектен чыкпай (жесе), албетте, сенин Раббиң Кечиримдүү, Ырайымдуу.
146. Жана, биз яхудийлерге бардык (ай) туяктууларды арам кылган элек. Ал эми, уй-койлордон болсо, аларга жонундагы, ичегилериндеги (чарбы) майларынан жана сөөккө аралашкан (чучук) майларынан башка майларын арам кылган болчубуз. Бул алардын зулум кылганы үчүн биздин жазабыз. Жана чынында, биз - Акыйкатчылбыз.
147. Эгер сени (яхудийлер) “жалганчы” дешсе, айткын: “Раббиңердин ырайымы кенен. (Бирок, билип койгула Анын азабы кылмышкер коомдон кайтарылбайт!
148. Мушриктер сага: “Эгер Аллах каалаганда биз деле, ата-бабаларыбыз деле мушрик болбойт элек жана эч нерсени (өзүбүзчө) арам кылып албайт элек” - дешет. Алардан мурунку (мушриктер) деле ушинтип Биздин азаптын даамын татканга чейин (Пайгамбарды) “жалганчы” дешкен. Айткын: “Силерде илим бар беле, аны бизге чыгаргыдай?! Силер күмөнгө гана ээрчип жатасыңар! Силер жалгандан башканы сүйлөбөй жатасыңар!
149. Айткын: “Айкын далилдер Аллахтын Өзүндө. Эгер кааласа, бардыгыңарды Туура Жолго салат.
150. Айткын: “(Эгер сөзүңөр чын болсо) Аллах ушуларды арам кылганына күбөңөрдү алып келгиле. Эгер күбөлүк беришсе, сен аларга кошулуп күбөлүк бербе жана Акыретке ыйман келтирбей, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардын каалоолоруна ээрчибе! Алар Раббисине (башка “кудайларды”) тең кылышат!
151. Айткын: “келгиле, мен силерге Раббиңер арам кылган нерселерди (Кураандан) окуп берейин: «Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге жакшылык кылгыла! Кедейликтен коркуп өз балаңарды өлтүрбөгүлө! Силерге да, аларга да Өзүбүз ырыскы беребиз. Бузук иштердин ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындашпагыла! (Шарият белгилеген) акы(ңар) болбой туруп, Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жанды өлтүрбөгүлө! Акылыңарды иштетээрсиңер деп, ушул нерселерди (Аллах) силерге буюрду».
152. Жетимдердин малына алар эрезеге жеткенге чейин жакындабагыла! Жакшы (ниет жана) жолдор менен болсо мейли. Өлчөөнү жана таразаны адилеттүүлүк менен толуктагыла! Биз эч бир жанды кудуретинен ашыкча жумушка буюрбайбыз. Эгер сүйлөсөңөр (ал сөз өкүм болобу, же башкабы) тууган уругуңар болсо да (жан тартпай) адилеттүү болгула! Аллахка (“моюн сунабыз” деп) берген убадаңарды аткаргыла! Ушулар силерге Аллахтын буйруктары, (акыбетти) эске алышыңар) үчүн.
153. Бул - Менин Туура Жолум! Ушуга гана ээрчигиле! (Буга каршы келген башка) жолдорго ээрчибегиле, силерди Анын жолунан адаштырып коёт! Такыба болоорсуңар деп, (Аллах) силерге ушуларды буюрду.
154. Жана (бир кездерде) Биз жакшылык кылгандарга (нээмат) кемчилдиксиз болушу, бардык нерселерге баяндама болушу жана ырайым-Туура Жол болушу үчүн Мусага китепти (Тооратты) бердик. Раббисине жолугууга ыйман келтиришсе ажеп эмес!
155. Биз сага бул Китепти (Кураанды) куттуу кылып түшүрдүк. Ушуга ээрчигиле жана (Аллахтан) корккула! Ажеп эмес ырайымына арзып калсаңар!
156. Силер (оо, мусулмандар!): “Бизден мурунку эки тайпага (яхудийлер менен христиандарга) китеп түшкөн. Биз болсо, алардын сабактарын билбейбиз” дебешиңер үчүн,
157. же болбосо, “Эгер бизге да китеп түшчү болсо, сөзсүз аларга караганда Туура Жол табуучураак болмокпуз” деп айта албашыңар үчүн силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер, Туура Жол жана Ырайым (болгон Кураан) келди. Эми, Аллахтын аяттарын “жалган” деп, андан баш тарткан адамдан заалымыраак ким бар?! Биз жакында аяттарыбыздан жүз бурган адамдарды баш тарткандыгы үчүн жаман азап менен азаптайбыз!
158. Алар эми эч нерсени күтүшпөйт. Бир гана өздөрүнө (өлүм) периштелери келишин, же Раббиңдин келишин же болбосо Раббиңдин кээ бир белгилери келишин күтүшөт. Раббиңдин кээ бир белгилери келген күндө, эч бир жанга ыйманы пайда бербейт, эгер мурда эле ыйман келтирбеген же ыйманында бир жакшылык кылбаган болсо. Айткын: “Силер да күткүлө, биз дагы күтүүчүбүз”.
159. (Оо, Мухаммад!) Диндерин бөлүп алып, өзүнчө топ болуп кеткен адамдар... Сен эч бир нерседе алардан эмессиң (Алар дагы сенден эмес) Алардын иштери Аллахка (кайтарылат) жана Ал аларга кылган иштеринин кабарын берет.
160. Ким (Акыретке) бир жакшылык алып келсе, ага (кеминде) он эсе көбөйтүп берилет. Ал эми, ким бир жамандык алып келсе, ошол жамандыгынын барабарында (бир) гана жаза берилет. Аларга эч зулумдук кылынбайт.
161. Айткын: “Чынында,, Раббим мени Туура Жолго, Түз Динге – Акыйкатка бурулган Ибрахимдин Динине багыттады. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес”.
163. Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”.
164. Айткын: “Аллахтан башка Рабби издейт бекенмин?! Ал бардык нерселердин Раббиси-го! Ар бир жандын жасаган жамандыгы, өзүнүн гана зыянына! Эч ким башка бирөөнүн (күнөө) жүгүн көтөрбөйт! Кийин баарыңардын кайтууңар - Аллахка! Анан Ал силерге (дин ишинде) ар түрдүү болгонуңардын кабарын берет.
165. Ал силерди жер бетинде (бир-бириңерге) орунбасар кылган жана Өзү берген нерселерде силерди сынаш үчүн кээ бирөөңөрдү кээ бирөөңөрдөн бир нече даража жогору кылган (Аллах). Чынында, сенин Раббиң тез эсептешүүчү! Жана Ал, чынында Кечиримдүү, Ырайымдуу!
«Менин намазым да, ар бир амалым жана жашоом да, өлүмүм дагы - ааламдардын Роббиси болгон Аллах үчүн, -деп айт». («Ан'аам»: 162).