Апатия (философия)

Википедия дан

Апатия (грекче apatheia – түз маанисинде беймаралдык, кыйналбагандык, бейкапарсыздык, эч нерсеге катышпагандык) – байыркы грек философиясындагы стоиктердин мектеби колдонгон термин; ал нравалык идеалдарды алып жүрүүчү акылмандардын жөнөкөй адамдар ырахат алгандарга да бейкапар болуу, кубанбоо жөндөмдүүлүгүн билдирген. Ошондой эле Апатия кишилер үчүн болуп көрбөгөндөй коркунуч апаат болгондо да тигил же бул инсандын беймаралдыгын туюнткан. Стоицизмдин этикасында Апатияга жеткен акылман өзүн-өзү башкарат, акыл-эске сугарылган нравалык мыйзамды гана жетекчиликке алат деп түшүндүрүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (Энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,ISBN 9967-14020-8.