Апофеоз
Апофеоз (грекче apoSsraai; - Кудай деп билүү) 1) кайсы бир кишини, окуяны же көрүнүштү мактоо, даңазалоо; 2) кайсы бир окуяны же кишини даңазалаган спектаклдин же майрамдык концерт программасынын, цирктеги көрсөтүүнүн акыркы, салтанаттуу массалык көрүнүшү. Анда өтө көп катышуучулар болот. Атайылап жаркыраган декорациялык жасалгалар, кийимдер, бутафория жана башкалар пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1