Аппендикс

Википедия дан

Эркин энциклопедиядан (Википедиядан) алынган материал

Адамдын жоон ичегисиндеги урчуктун (курт сымал урчук) жайгашуусун көрсөткөн анатомиялык диаграмма. Адистик:   Тамак сиңирүү системасы Себептери:    Курт сымал урчуктун бүтөлүп калышы


Аппендикс (лат. appendix vermiformis «кошумча орган») — адамдын мөөнүнүн туюк учундагы кошумча орган. Мөөндүн туюк учу жоон ичегиде жайгашкан баштык сыяктуу урчукту билдирет.

Мурда аппендикс рудименттик орган деп эсептелип келген, бирок бул көз караш акыркы он жылдыктарда өзгөрдү. Жакынкы изилдөөлөр аппендикстин олуттуу кызмат кылышы мүмкүн экенин көрсөттү. Атап айтсак, ал пайдалуу ичеги бактериялары үчүн резервуар (идиш) боло алат.

Курт сымал урчуктун сезгенүүсү аппендицит деп аталат.

Сыпаттамасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын аппендиксинин узундугу орточо алганда 9 см түзөт, бирок 5 см 35 см чейин жетиши ыктымал. Аппендикстин диаметри 6 мм түзөт. Эгерде диаметр 6 мм ашса, анда урчук жооноргон же сезгенген болуп эсептелет.

Адам организминде аппендикс, эреже катары, курсактын төмөнкү оң жагында жайгашат. Урчуктун түп жагы жоон ичегини ичегиден бөлүп турган илеоцекалдык клапандан 2 см төмөн турат. Аппендикс мезоаппендикс деп аталуучу кара ичегинин төмөн жагындагы мезоколондун чычыркайы менен байланышкан.

Мурда аппендиксти анын эволюция процессинде өзүнүн көп милдеттерин аткаруудан калганын эске алуу менен, рудиментардык орган деп эсептеп келишкен. Курт сымал урчук адамдардын ата-бабаларындагы сокур ичегинин калдыгы болуп эсептелбейт. Көптөгөн жашап жаткан чөп жегичтерде кездешкен сокур ичегиде жаныбарларга өсүмдүктөрдө кездешкен целлюлозаны аш кылууга жардам берген мутуалисттик бактериялар бар. Аппендиксте бул бактериялар жетишээрлик санда болбогон соң, адамдар клетчатканын күнүмдүк минималдык өлчөмүнөн ашыкчаны сиңире алышпайт.

Аппендикс коён, маймыл жана адам сыяктуу кээ бир сүт эмүүчүлөрдө гана кездешет.

Милдеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аппендикс аткарышы мүмкүн болгон милдеттердин (функциялардын) лимфатикалык, экзокриндик же эндокриндиктен нерв-булчуңдукка чейин түрлөрү бар. Врачтар менен окумуштуулардын көпчүлүгү аппендикс негизинен биздин чөп жеген ата-бабаларыбызда кездешкен целлюлозаны сиңирүү үчүн кездешкен чоӊураак сокур ичегинин рудиментардык калдыгы катары калган дешет.

Бул тармактагы илимий изилдөөлөр аппендикс оору ичегинин башка бөлүктөрүнөн бактерияларды жууп салган учурда пайдалуу бактериялар үчүн баш калка катары кызмат кыларын көрсөттү. Бул божомол 2000-жылдарда пайда болгон иммундук система пайдалуу бактериялардын көбөйүүсүн колдойт деген изилдөөлөргө негизделген.

Ошентип, адамдын сокур ичегиси пайдалуу бактериялар үчүн сактагыч жай катары кызмат кылышы мүмкүн. Бул бактериялар резервуары андан ары тамак сиңирүү системасындагы ичеги флорасын ич келте (холера), ич өткөк жана жеңилирээк ашказан-ичеги ооруларынан кийинки инфекциялардан сактап калуусу мүмкүн.

Патология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аппендикстин эӊ көп кездешкен оорусу болуп аппендицит эсептелет. Аппендицит – бул аппендикстин сезгенүүсү менен мүнөздөлгөн абал. Эреже катары, оору курсактын ортосунда башталат, бул аппендикстин эмбриондун ортоңку ичеги бөлүгү катары өнүгөрүнө шайкеш келет.

Сезгенүүнүн күч алышына жараша, оору курсактын төмөнкү оң жагында даанараак пайда боло баштайт, анткени курсактын ички көңдөйүн каптап турган чел сезгенет. Аппендицитке ошондой эле чыйрыгуу жана иммундук системанын ыкчам жообу мүнөздүү.

Аппендицит болгондо, адатта сезгенген аппендиксти хирургиялык жол менен дароо алып салуу зарыл. Антпесе, аппендикс жарылып кетиши мүмкүн, ириң жакын жайгашкан органдарга таркап, бул адамды өлүмгө алып келет.

Аппендициттин жышаандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курч кармаган аппендицитти билдирген негизги жышаандар бар. Эң башкы жышаан – курсак туштагы катуу оору. Оору адегенде курсактын жогор жагынан башталып, андан соң оң же сол капталда пайда болушу мүмкүн. Оору кээде арткы тешикке же кабыргага жетиши ыктымал.

Аппендициттин мүнөздүү белгилери:

  • Курсактагы катуу оору
  • Көңүл айнуу жана кусуунун башталышы
  • Чоң зааранын өзгөрүшү (ич катуу же ич өтүү)
  • Дене табынын жогорулашы

Бул аппендицитти аныктоого мүмкүн болгон даана жышаандар. Эгерде патологиянын бар экенине кичинекей шек болгон күндө да, тезинен адиске кайрылып, диагностика жүргүзүү зарыл. Курч түрдөгүсү ырасталганда, хирургиялык дарылоо зарыл.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курч кармаган аппендицит диагнозу ырасталганда операциялык дарылоо талап кылынат. Азыркы учурда аппендицитти дарылоонун жападан-жалгыз жолу катары хирургиялык кийлигишүү кала берет.

Аппендицитти хирургиялык дарылоо лапароскопиялык ыкма же түздөн-түз операция жасоо жолу менен жүргүзүлөт.

Аппендицитти шашылыш хирургиялык алып салууга аппендиксте ириңдүү сезгенүү белгиси жок суюктук топтолгон учурда тыюу салынат. Мындай учурда адегенде медикаментоздук терапия жүргүзүлөт. Операциялык кийлигишүү 2-3 айга артка жылдырылат жана пландуу тартипте жүргүзүлөт. Суюктук ириңдеген учурда хирург аны ачып, дренаж жүргүзөт.

Дагы караӊыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чыйрыгуу                                                                   

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://en.wikipedia.org/wiki/Appendix_(anatomy)#Clinical_significance
  2. https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D0%BF%D0%BF%D0%B5%D0%BD%D0%B4%D0%B8%D0%BA%D1%81_%D1%87%D0%B5%D0%BB%D0%BE%D0%B2%D0%B5%D0%BA%D0%B0
  3. https://es.wikipedia.org/wiki/Ap%C3%A9ndice_vermiforme#Patolog%C3%ADa
  4. https://www.medicina.ru/patsientam/zabolevanija/appendicit/
  5. http://med.kg/images/MyFiles/KP/hirurgya/2_kp_ostry_appendisit.pdf Archived 2020-10-06 at the Wayback Machine