Апышова Жамал
Апышова Жамал Уз жана ат жабдыктарынын чебери. 1938-ж. Талас районундагы Арал айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. 1987-жылга чейин колхоздо иштеген. 1987-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин үйдөн уздануучу узануучу чебери. 1990-жыцдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Кайын энеси Уулча байбиченин нускасын алган. Жамал көөкөр, көнөчөк, сабаа сыяктуу шири идиштерин кайрадан кармап, турмуш-тиричиликте урунууда. Мал союлары менен терисинин жылуулай жүнүн алып чиеге (тоодо өсүүчү алчадай кичине мөмөсү бар өсүмдүк) кайнатып, жылымак кылып терини ага боёп, түнөтүп коёт. Эртесинде керип кургатып, бычыптигет. Из түшкөндөй кургаган чакта сыртынан темир шибеге менен чийип (наар, чийме сынпос) түшүрөт да терини ыштоого коёт. Уз ала кийиз, шырдак, туш кийиз, тери буюмдарынан сырткары ат жабдыктарын өрүм (татаал, жөнөкөй өрүмдөр), кайык ыкмалары аркылуу жүзөгө ашырат. Тердик кармайт. Жамал саймаларында Таластык уздарга таандык көчөттөрдү ич ара кыйыштыруу касиеттери бар. Ал кызыл, жашыл өңдү сары түс аркылуу ажыратуу, өзүнчө «үй түзүү», көчөттөрдүн «суусун чааралакей» берүү бөгөнчөлүктөрү бар. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык кароо-сынагы». Териден иштетилген буюмдары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун экинчи даражадагы диплому; 1987 ж. Улуу Октябрдын 70 жылдыгына карата «Эл чыгармачылыгынын II фестивалы». Туш кийизи үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Биринчи даражадагы диплому; 1989 ж. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин 20 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Тери оюм көлдөлөңү үчүн «Кыял» Бирикмесинин Экинчи даражадагы диплому. 1990-ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү».
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0