Ишеналы Арабаев

Википедия дан
Арабаев, Ишеналы‎»‎ барагынан багытталды)
Арабай уулу Эшенаалы
Туулган жылы:

1882 жыл(1882)

Туулган жери:

Орусия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жетисуу облусу, Токмок уезди, Күн-Батыш айылы

Каза болгон жылы:

7 -июнь 1933(1933-06-07)

Каза болгон жери:

СССР, Өзбек ССР, Ташкент шаары

Ишеналы Арабаев, туурасы Арабай уулу Эшенаалы (1882-жылы, Орусия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жетисуу облусу, Токмок уезди, Күн-Батыш айылы — 1933-жылы, СССР, Өзбек ССР, Ташкент шаары) ― XX кылымдын башындагы залкар кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмер, Алаш Ордо партиясынын мүчөсү, советтик агартуу тутумун түптөөгө зор салым кошкон китеп автору.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1900-жылы Орус - жергиликтүү мектебин бүткөн.
1900-1910-жылдары Кыргыз айылдарында мугалим (молдо) болуп иштеген.

1910-1913-жылдары падышалык Орусиядагы Оренбург шаарында жайгашкан “Медресе Кусейиниядан” бир жыл окуп, анан Уфадагы жогорку диний мектеп - “Медресе Галиядан” окуп билим алган.
1911-жылы Молдо Кылычдун Кысса зилзаласына - кыргыз тилиндеги эң биринчи китепке өзү алгы сөз жазып, Казан шаарынан чыгарган. Кыргыз, казак балдарына арнап Алиппе жаки төтө окуу аталыштагы туңгуч окуу китебин Хафиз Сарсекеев экоо жазып, Уфадагы “Шарк” басмасынан бастырган.

1912-жылы “Жазуу орнектери” (таза жазуунун үлгүлөрү) аталыштагы китепти Оренбургдан чыгарган. Бул 35 беттен туруп, мында жазуу эрежелери, каллиграфия, тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү берилген. Ошол эле жылы “Оренбургдан Ташкенге келе эскерүү” аттуу жол очерки “Айкан” журналынын 1-санына басылган.

Уфадан келгенден кийин Ысык-Көл, Нарын аймактарында бала окутуп, мектептерди ачкан. Ал Боогачынын “Секет байын” жана фольклордук материалдарды жыйнаган.

1918-22 жылдары Жети Өгүз ревкомунун мүчөсү, облустун “Кошчу” бирлигинин төрагасына орун басар, Орусия Кеңештеринин 9-съездине делегат болгон. Жети Өгүздө 1-мугалимдер курсун уюштурган, Алматыда жооптуу кызматта иштеген.

1922-24 жылдары Туркстан Эл комиссарлар Кеңешинде (Ташкен) иштеп, анын ил. комиссиясын жетектеген.

Арабаев жетектеген ил. комиссия кыргыз тилинин алфавитин түзгөн, башталгыч класстардын окуучулары үчүн алиппени, окуу жана усулдук куралдарды, мугалимдер үчүн усулдук сунуштарды даярдашкан, кыргыз терминологиясынын маселелерин изилдешкен ж.б.
1922-жылы Сагымбай Орозбак уулунан “Манас” эпосунун жазууну уюштурган.

1924-жылы Теке айында Оренбургда өткөн казак-кыргыз илимпоздордун 1-съездине катышып, баяндама жасаган.

1924-жылы Кыргыз АОсу түзүлгөндө ал облустук ревкомдун мүчөсү, илим комиссиясынын төрагасы, “Эркин-Тоо” гезитинин редколлегия мүчөсү болгон.
1924-жылы араб графикасынын негизинде туңгуч кыргыз алфавитин түзүп, ”Кыргыз алиппесин” жазган. Грамматика жана табият таануу боюнча 1-кыргызча окуу китебин түзгөн.

1925-жылы Тыныбектин айтуусунда “Семетейдин Айчүрөккө уйлонушу” деген эпизодду жазып алган жана аны китепче кылып Москва басмасынан чыгарган.
Ошол эле кыргыздын туңгуч гезити “эркин-Тоону” уюштурууга катышкан жана 1-санына “Эркин-Тоо” деген макала жазган.
1925-жылы “Сабатсыз чоңдор учун алып-бээни” түзгөн. Окуу китептерин, колдонмолорду жазган жана көп китептерди которгон.
Арабаев бүт республиканы кыдырып, жаштарды окууга, билим алууга чакырган.

1926-жылы Бакуда өткөн 1-туркологиялык съездге катышты.

Арабаев 1933-жылы Бугу айынын 11 жалаа менен улутчул деп камакка алынып, ошол эле жылы Теке айынын 7 Ташкендин түрмөсүндө каза болгон. 1958-жылы толугу менен акталган.

Ал тууралуу ой-пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

И.Арабаев тууралуу Жусуп Абдырахманов, Абдыкерим Сыдыков, Кусеин Карасаев, Түгөлбай Сыдыкбеков жана башкалар өзгөчө жогорку баасын беришкен.

Эскерүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз мамлекеттик университети (Бишкек шаары) учурда Ишеналы Арабаевдин ысымын алып жүрөт. Анын алдында И.Арабаевдин айкели тургузулган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. - 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.А.Асанов. - Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. - 544 стр., илл., карты. (ISBN 5-89750-142-4) [U.A.Asanov, A.Z.Jumanazarova, T.Chorotegin. Kyrgyzskaia nauka v litsah: Kratkiy istoricheskiy I bio- bibliograficheskiy svod / Otv. Red. U.A.Asanov. – Bishkek: Tsentr gosyazyka I entsiklopedii. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)]
  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек - 2003.