Араб искусствосу

Википедия дан

Араб искусствосу - материалдык маданиятта, искусстводо, айрыкча архитектура жана көркөм кол өнөрчүлүктө жаратылган чыгармалар топтому. Маданияттын бул тармактары боюнча арабдар көп элдердин тажрыйбаларын өздөштүрүшкөн. Ошондуктан архитектурасы менен искусствосу чоң өзгөчөлүккө ээ. Архитектурасы өркүндөп, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мунаралар салынган. 7-кылымдын 1-жарымында Басрада (635), Куфта (638), Фустатта (640) курулган мечиттер алгачкы араб искусствосуна таандык. Мындай мечиттер Дамаскинин борборунда да жергиликтүү эллинисттик жана сиро-византиялык архитектуралык салт боюнча курулган жана көп түстүү мозаикалар менен жасалгаланып, аларга архитектуралык мыкты пейзаждар киргизилген. Араб архитектурасы айрыкча 10-15-кылымда Магрибде жана Испанияда гүлдөп, өнүккөн. Ири шаарларда (Рабат, Марракеш, Фест жана башка) мунаралуу коргондор, имараттар, Гранадада араб архитектурасынын жана көркөм өнөр искусствосунун шедеври - Альгамбра двореци курулат (13-15-кылым). Колонналык типте салынган монументалдуу курулуштар араб өлкөлөрүндө көп убактарга чейин сакталган (мечиттер: Каирде 9-кылым, Ибн Тулун; Рабатта, Хасан жана Марракеште Кутубия, 19-кылым; Алжирде Чоң мечит, 11-кылым, жана башка) жана Иран, Кавказ, Орто Азия, Индия өлкөлөрүнүн архитектурасына таасирин тийгизген. Арабдардын архитектуралык курулушунда фатимиддик Каир мектеби белгилүү болгон (969-жылы). Аксарайларды, «кербен сарайларды», мончолордун, күркөлөрдүн, туракжайлардын, мечиттердин имараттарын таштан чегип (аль-Хаким, аль-Азхар, Аль-Акмар жана ас-Салих-Талан), араб тамгалары менен кооздоп, жасалгалашкан. Байыркы чыгыш мотивиндеги математикалык түзүлүштөгү сүрөттүн фантазиясына карата оймо-чиймелерди колдонушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]