Мазмунга өтүү

Арал (Ноокен району)

Википедия — ачык энциклопедия
Айыл
Арал
Герб
Герб
РайонКыргызстан
Координаттар41°00′05″ с. ш. 72°39′44″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы7313[1] адам (2009)
Улуттук курамыКыргыз, Өзбек, Татар, Араб, Уйгур, Орус.
Диний курамыИслам, Христиан
Сандык идентификаторлор
Почта индекси721202
Арал (Ноокен району) (Кыргызстан)

АралКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы айыл. Арал айыл аймагына кирет.

Арал, Ноокен районуна караштуу айыл. Ал Жогорку Арал жана Төмөнкү Арал айылдарынан турат. Райондун борбору Масы кыштагынан 10 км түштүк-чыгаш тарапта, облустун борбору жана темир жол бекети – Жалал-Абад шаарынан 48 км. Кара-Үӊкүр (Тентексай) суусунун оӊ жээгинде жайгашкан.

Калкы негизинен пахтачылыкта, дан өсүмдүктөрүн жана жашылча өстүрүүдө эмгектенет.

1932-жылы 3 айылдан турган: Бостон, Интернационал, Кашкарплан - Жогорку Арал.

1934-жылы Бостон айылы – “Новый путь”, Интернационал – “Кахраман”, жогоркусу – Арал колхоздору болгон. Алар Сакалды айылдык кеӊешине караган.

1960-1961-жылдары колхоздор жоюлуп, Майлысуу тоо кен башкармасынын жумушчуларын мөмө-жемиш жана жашылча менен камсыз кылуу максатында “Арал” көмөкчү чарбасын болуп түзүлгөн.

Райондун пахта планын көбөйтүү үчүн кайрадан 1964-1965-жылдары “Арал” совхозу болуп түзүлгөн.

Ал 1972-1973-жылдары “СССРдин 50 жылдыгы” совхозу деп аталган.

1996-жылга чейин Сельсовет болгон.

Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган[2].

Калкы ― 7313 киши (2009-жылы)[1].

Пахтаны кайра иштетүүчү заводдору, май чыгаруучу цех, тегирмендер, акжуаздар иштейт. Орто жана башталгыч мектеп, чоң бала-бакча жана спорттук залдар, кесиптик-техникалык окуу жай, амбулатория, фельдшердик-акушердик пункт, аптека, маданият үйү, эс алуучу жайлар жана стадион бар.

  1. 1 2 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 24 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  2. Жалалабат облусу: Энциклопедия / Башкы ред.: Ү. Асанов; Редкол.: Ж. Шарипов, А. Акпаралиев, Б. Асанбеков. - Б. : [б. и.], - 2003. ISBN 5-89750-159-9