Байыш Арапов

Википедия дан
Арапов Байыш‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыш Арапов
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Арапов Байыш
Туулган жылы: 1942-жылы 13-декабрь
Туулган жери: Баткен облусу,Самарканд айылы.
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: Физика, Катуу телолордун физикасы
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Физика-техника факультети, эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасы. Илимий даражасы  :Физика-математика илимдеринин доктору, профессор
Илимий наамы: профессор

Арапов Байыш,(1942-жылы туулган, Ош облусу, Баткен району, Самарканд айылы) - физик, физика-математика илимдеринин доктору (1993), профессор (2000). 1964-жылы ОМПИни, 1967-жылы КМУнун аспирантурасын бүтүргөн. ОМПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент, декан, ОшМУда профессор, кафедра башчы, ОшТУда фундаменталдык жана колдонмо илимдер боюнча илим-изилдөө институтунун директору, проректор. 2001-жылдан ОшМУда илимий иштер жана билим берүү борборунда проректор. Катуу нерселердин физикасы боюнча адис. 110дон ашык эмгеги, анын ичинен 1 монографиясы жарык көргөн. Эмгеги: Люминесценция электронных возбуждений и их распад с образованием в ионных кристаллах (в соавторстве). Б., 1999.

Диссертациялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Исследование влияния дефектов структуры на процесс температурного тущения свечения наведенных активаторных В-, С- и Д-центров окраски в щелочно-галоидных кристаллофосфорах (1971-жыл)
  • Ионные, ионно-дырочные и ионно-электронные процессы распада и Ионные, ионно-дырочные и ионно-электронные процессы распада и взаимопревращения радиационных дефектов в щелочно-галоидных кристаллах (1993-жыл)

Эмгек стажы - 53 жыл

Ээлеген кызматтары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1967-1970 –жылдары ОшМУнун Физика-техника факультетинде Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын окутуучусу.
  2. 1970-1991-жылдары ОшМУнун Физика-техника факультетинде Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын ага окутуучусу.
  3. 1979-1985-жылдары ОшМУнун Физика-математика факультетинин Физика-математика факультетинин деканы.
  4. 1985-1996-жылдары ОшМУнун Физика-техника факультетинин Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын доценти.
  5. 1997-жылы ОшМУнун Фундаменталдык жана прикладдык изилдөө институтунун Фундаменталдык жана прикладдык изилдөө институтунун директору.
  6. 1998-2001-жылдары Ош технологиялык университетинин кечки жана сырттан окуу боюнча проректору.
  7. 2001-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин илимий иштери жана билим берүү боюнча проректору.
  8. 2008-жылдан ушул күнгө чейин ОшМУнун Физика-техника факультетинде Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын кафедра башчысы.

Илимий кызмат тармагы:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий кызыкчылыкты мүнөздөгөн негизги сөздөр: Конденсирленген абалдын физикасы, люминесценция, жегич-галоиддик кристаллдар, жарым өткөргүчтөр, иондук процесстер, дефекттер.

  • Окуткан сабактардын аталышы:
  1. Кванттык механика, Катуу заттардын физикасы: радиациялык физика жана электрондук-иондук процесстердин физикасы, Илимий изилдөөнүн эксперименталдык методдору.
Окуу жайын бүткөн жылы Окуу жайынын расмий аталышы Даярдоо адистиги жана багыты Квалификация
1964-жыл Ош МПИ Физика жана өндүрүштүн негиздери Физика жана өндүрүштүн негиздери боюнча физика мугалими

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]