Арча-Конуш мөңгүсү

Википедия дан
Арача-Конуш мөңгүсү‎»‎ барагынан багытталды)

Арча-Конуш мөңгүсүАлай кырка тоосуна Коллектор кырка тоосу тутумдашкан жердеги татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 6,1 км, аянты 5,4 км2, көлөмү 0,40 км3.

Исфайрам-Сай суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4900 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4500 м. Абляция облусунун аянты 2,8 км2. Мөңгү тартылууда. Мөңгүдөн Сүрмө-Таш суусунун (Исфайрам-Сайдын сол курамы) жогорку агымы Арча-Конуш башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]