Ара-Бел-Кумтөр, ойдуң

Википедия дан

Арабел-Кумтөр, ойдуңИчки Теңир-Тоонун түндүк-чыгышында. Тескей Ала-Тоо, Жетим-Бел, Ак-Шыйрак тоолору менен курчалган. Деңиз деңгээли 3400–3800 м бийиктикте. Узундугу- 52 км, туурасы 14 км. Батышы кенен, айланасындагы тоолор ойдуңдун таманынан 500–1000 м, айрым чокулары 1300 мге чейин көтөрүлүп жатат. Жер байыркы мөңгүлөрдүн чордону болгон.Ошондуктан ойдуңдун рельефинин пайда болушу мөңгүнүн аракетине байланыштуу.Төртүнчүлүк мезгилдин башталышында ойдуңду дээрлик муздук каптап жаткан.Муздук чегингенде Арабел, Кумтөрдөй эң ири өрөөндөр жана меридиан боюнча созулган суу куймаларынын өрөөндөрү түзүлгөн. Рельефинде морена дөбөлөрү (бийикт. 20–25 мге чейин), саздуу оёңчолор жана тегиз жерлер кеңири аянтты ээлейт. Ойдуңдун таманы кайназойдун шиленди чөкмөлөрүнөн турат. Чет-жакаларында кыргыз кызыл түстүү свитасынын чополору, кумдук, шагылдар кездешет. Алар төртүнчүлүк мезгилдин мөңгү таштарынын шилендилери менен капталган. Ойдуң аркылуу батыштан чыгышкаАрабел суусу агат.Майда көлдөр бар. Климаты катаал.Кышы суук жана узак. Январдын орточо температурасы –19,5...–21,2°С, жайы кыска, июлдун орточо температурасы 2,3–4,3°С. Жылдык жаан-чачыны 311 мм. өсүмдүктөрү сейрек, ар кайсы жерде топ-топ болуп, жаздык же орок сымал жерге жабышып өсөт. Тоо капталдарына альп шалбаалуу талаа (каз таман, ыраң, тогуз төбөл, бетеге ж. б.), субнивалдык суук чөл, кар-мөңгү, алкактары мүнөздүү. Чарбада жайкы жайыт катары пайдаланылат. Арабел суусун Жууку ашуусу боюнча Ысык-Көлгө буруу керек деген сунуштар бар. Өрөөндүн чыгыш тарабында, Ак-Шыйрак тоо тоомунун түндүк-батыш тарабында Кумтөр алтын кени бар. Өрөөн аркылуу Барскон – Кумтөр авто жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан географиясы.Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору»-Бишкек.2004