Аргасыз нурлануу

Википедия дан

Аргасыз нурлануу (аргасыз нурлануу, индукцияланган нурлануу) – жыштыгы ν сырткы нурлардын таасири астында дүүлүккөн атомдун, молекуланын ж. б. кванттык системалардын ошол эле жыштыктагы фотондорду нурлантышы.

Аргасыз нурлануу энергиясы ԑi жогорку деңгээлден энергиясы ԑк төмөнкү деңгээлге кванттык өтүүнүн натыйжасында пайда болот, мында ԑi-ԑк =hν. А. н. жутуу процессине тескери процесс болуп эсептелет. Пайда болгон аргасыз нурлар жыштыгы, таралуу багыты, поляризациясы, фазасы боюнча сырткы нурлар менен дал келет. Аргасыз нурлануу түшүнүгүн 1916-ж. А.Эйнштейн киргизген. Теңсалмактык нурлануу учурундагы кванттык өтүүлөрдө спонтандык нурлануу менен Аргасыз нурлануу процесстеринин жалпы саны фотондорду жутуу процессине барабар. Ушул процесстер спонтандык нурлануу Aiк жана жутуу мүмкүнчүлүгү Вik менен мүнөздөлөт. Aiк, Вik – Эйнштейндин коэффициенттери. Аргасыз нурлануудан кийин Эйнштейн Планктын нурлануу законун кванттык көзкараш аркылуу чыгарган. Термодинамикалык тең салмактык бузулган учурда Аргасыз нурлануу процесстеринин саны кескин көбөйөт жана нурлануу жыштыгында интесивдүүлүгү чоңоёт. Ушул принципте лазер жана мазерлер иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]