Аргасыз термелүү

Википедия дан

Аргасыз термелүү — системада сырткы күчтүн таасиринде пайда болуучу мезгилдүү кыймылдоолор. Анын мүнөзү сырткы күч жана системанын өзүнүн касиети менен да аныкталат. Аргасыз термелүү адегенде мезгилдүү сырткы күчтүн аракети менен убакытка жараша өзгөрөт, бир аз убакыт өткөндөн кийин системада мезгили сырткы күчтүн мезгилине барабар болот. Сызыктуу термелүүчү системага жыштыгы системанын өздүк термелүүсүяүн жыштыгына жакын сырткы күчтү туташтырууда системада аргасыз термелүүдөй бир эле мезгилде өздүк термелүү пайда болот. Бул термелүүнүн амплитудасы алгач барабар, фазалары карама-каршы, өздүк термелүүсү акырындык менен басаңдап, системада белгилүү аргасыз термелүү калат. Анын амплитудасы системадагы аракет кылуучу күчтүн амплитудасы жана басаңдоосу менен аныкталат. Эгерде басаңдоосу аз болсо, анда аргасыз термелүүнүн амплитудасы аракет этүүчү күчтүн жыштыгы менен системанын өздүк термелүүсүнүн жыштыгынын катышына көз каранды. Сырткы күчтүн жыштыгы системанын өздүк жыштыгына жакындаса, аргасыз термелүүнүн амплитудасы кескин көбөйүп, резонанс пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]