Ариф Камарли

Википедия дан

Камарли Ариф Пашаевич (5. 1. 1929-жылы туулган, Азербайжан, Гянжа шаары) — ветеринария илимдеринин доктору (1970), профессор (1986). Азербайжан айыл чарба институтун (1951), Москвадагы Мамлекеттик ветеринардык дерматология институтунда аспирантураны (1955) бүтүргөн. 1956-жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария институтунда лаборатория башчысы. 1976—82-жылы ошол эле институтта директордун илимий иштер боюнча орун басары. 1982-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАЧИде кафедра башчысы, 1984—88-жылы ветеринария факультетинин деканы, 1993-жылдан кафедрада профессор. КРдин айыл чарбасынын отличниги. Вет. паразитология бча адис. 110дон ашык илимий эмгектин, анын ичинен 5 монографиянын автору.

Эмгек[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Подкожный овод крупного рогатого скота и коз. Ф., 1965; Подкожные оводы крупного рогатого скота и меры борьбы с ними. Ф., 1988.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]