Аркалуу бекиткич
Аркалуу бекиткич - казмада айрым бекиткич аркалардан турган, бири биринен бир аз аралыкта орнотулган алкак бекиткич. Казманын төбөсү менен капталы чабактар менен бекитилет. Узунунан кеткен жылыштан тирөөчтөр менен сакталат. Аркалардын аралыгы казманы сактоо шарттарына (казманын аянтына, капталдагы тектердин таасирине жана башка факторлорго) байланыштуу жана 0,6-1,2 м чегинде өзгөрүлүп турат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1