Аркоздор

Википедия дан

Аркоздор, аркоз кумдуктары - негизинен гранит, гнейс жана башкалардын талкалануусунан пайда болгон катуу тоо-тектер. Аркоздор талаа шпаттары, кварц, кээде слюда жана башка минералдардын бүртүкчөлөрүнөн турат. Өңү кызгылт, кызыл же агыш, одуракай бүртүкчөлүү, сырткы көрүнүшү гранитке окшошураак. Түштүк Кыргызстанда, айрыкча бор мезгилинде пайда болгон тоотектердин арасында көп учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]