Арктика

Википедия дан
Арктика.

Арктика (грекче arktikos - «түндүк» деген мааниде) - Жер шарынын түндүк уюл аймагы. Евразия менен Түндүк Америка (Гренландиянын түштүгү менен Лабрадор жарым аралынан башка) материктеринин түндүк четин, дээрлик Түндүк Муз океанды аралдары менен (Норвег деңизинин чыгышы менен түштүгүнөн башка), ошондой эле Атлантика жана Тынч океандарынын жакын жаткан бөлүктөрүн камтыйт. Арктиканын түштүк чеги тундра зонасынын түштүк чегине дал келет. Аянты 27 млн км2дей; айрым учурда Арктиканын түштүк чеги катары Түндүк уюл тегереги алынат (анда Арктиканын аянты 21 млн км2). Евразиялык Арктиканын кургактык бөлүгү негизинен түзөң, айрым жерлери (айрыкча аралдары) тоолуу. Эң бийик жери Кола жарым аралындагы Хибин тоолору, 1191м. Түндүк Американын материктик бөлүгүндө күдүрлүү бөксө тоолор (бийиктиги 400-700 м) көп аянтты ээлейт. Эң бийик тоолор Гренландиянын чыгышында (Арктиканын эң бийик жери Гунбьёрн чокусу, 3700 м). Түндүк Муз океан шельфтерин четки деңиздер (Баренц, Карск, Лаптевдер, Чыгыш Сибирь, Чукот, Бофорт, Баффин) ээлейт. Мында материктен бөлүнүп калган аралдар (Түндүк жер, Жаңы сибирь, Франц-Иосиф жери, Канадалык Арктика архипелагы) жайгашкан. Океандын терең бөлүгү - Арктика бассейни. Арктиканын табияты жай айларындагы (орточо температурасы 0°Сге жакын) төмөнкү радиациялык балансасы (жылдык орточо температурасы 0°Сден төмөн), муздардын (аянты 2 млн км2ден ашык), көп жылдык тоңдун, Арктика чөлү менен тундранын басымдуулугу менен өзгөчөлөнөт. Деңиз акваториясындагы муздун аянты кышында 11 млн км2дей, жайында 8 млн км2дей. Россиялык Арктиканы өздөштүрүүдө Түндүк деңиз жолунун мааниси зор. Деңиз фаунасына балыктын 150 (сом, корюшка, треска сымалдуулар, май канаттар), деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн 17 түрү (кит, морж, түлөн) кирет. Аралдарында жана кургактыкта ак аюу, түндүк уюл түлкүсү, түндүк бугусу жашайт. Азыркы эл аралык укукта Арктиканы 5 секторго бөлүү белгиленген. Ал секторлордун негизин Россия, АКШ (Аляска), Канада, Дания (Гренландия) жана Норвегиянын түндүк чегаралары, капталдарын меридиандар, чокусун түн. уюл түзөт. Ар бир сектордо жайгашкан бардык жер жана аралдар жакын жаткан мамлекеттердин курамына кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]