Арктикалык экосистемалар

Википедия дан

Арктикалык экосистемалар – экстрималдык экология шартта өнүгүп жаткан экосистема, өтө суук, биологиялык түрлөрдүн аздыгы менен мүнөздөлөт.

Бул экосистеманы төмөндөгү аралдар ээлеп турат; ФранцияИосиф жери; Жаңы жердин түндүк аралы; Түндүк жер; Таймыр жарым аралынын түндүк учу; Канада архипелагынын түндүгү; Гренландия; Щпицберг.Арктикалык экосистемалардын климаты өтө катаал, суук шамал менен коштолот, абасы нымдуу келет. Бул экосистемада жердин 48 – 85 %ти муз менен капталган. Музу жок аймак негизинен эңилчек жана машык чөп кездешет. Өсүмдүк аз болгондуктан жаныбар дүйнөсүнө таасирин тийгизет лемминг, ак түлкү, ак аюу, бугу кездешет.

Жай мезгилинде канаттуулар базары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4