Армоколит

Википедия дан

Армоколит (Айга алгачкы жолу учкан америкалык астронавттар - Армстронг, Олдрин, Коллинздин аттарынан) - табигый оксиддер классындагы сейрек минерал. Химиялык формуласы (Mg, Fe2+) Ti2O5). Айдын кыртышынын үлгүсүнөн табылган. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү боз, металлдай жалтырак. Моос шкаласы боюнча 5. Бүртүкчө түрүндө (300 микронго чейин) кездешет. Минерал төмөнкү басымда жана жогорку температурада пайда болот. Жер бетинде айрым магма тоо-тектеринде жана метеориттерде кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]