Арнольд Шварценеггер

Википедия дан
Арнолд Шварценеггер‎»‎ барагынан багытталды)
Арнолд Шварценеггер
Arnold Schwarzenegger

Арнолд Шварценеггер 2010 жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Арнолд Алоис Шварценеггер (нем. Arnold Alois Schwarzenegger)

Туулган датасы:

30 -июль 1947(1947-07-30) (76 жаш)

Туулган жери:

Грац шаарына жакынкы, Таль кыштагы, Штририя жеринде, Австрия

Жарандыгы:

 АКШ Австрия

Кесиби:

актёр

IMDb:

ID 0000216

schwarzenegger.com

Арнолд Алоис Шварценеггер (англ. Arnold Alois Schwarzenegger, айтылышы: /ˈʃwɔːrtsənˌɛɡər/; немис тилинде айтылышы: [ˈaɐ̯nɔlt ˈalɔʏs ˈʃvaɐ̯tsn̩ˌɛɡɐ]; 1947-жылы 30-июль) – Австрия жана Американын актёру, продюсер, бизнесчи, инвестор, жазуучу, филантроп, активист, саясатчы жана профессионал культурист. 2003-2011-жылдары эки мөөнөт бою Калифорния штатынын губернатору болгон.

Шварценеггер 15 жашынан баштап, булчуңдарды машыктыруучу спорт менен алектене баштаган. 20 жашында Mr. Universe наамына татыган жана Мистер Олимпия культуристтер сынагынын жеңүүчүсү (7 жолу) болгон. Шварценеггер азыркыга чейин культуристтер чөйрөсүнүн эң көрүнүктүү спортчусу болуп эсептелет. Ошондой эле, ал бул спорт жөнүндө бир канча макала жана китептерди жазган. Шварценеггер эч бир заманда болуп көрбөгөн эң мыкты культуристтердин бири болуп, бул спорттун чыныгы жылдызы болуп саналат. Шварценеггер Голливуддун тез аракеттүү тасмаларынын жылдызы болуп дүйнөлүк атактуулукка жеткен. Актер 1982-жылы “Конан-Варвар” (англ. Conan the Barbarian) аталышындагы популярдуу кылыч-жана-сыйкырчылык эпикалык тасмада тарылып белгилүүлүккө жеткен, кийин бул тасманын уландысы да тартылган.

1984-жылы Шварценеггер Жеймс Камерондун финансылык жактан ийгиликтүү жана киносынчылар тарабынан жогору бааланган “Терминатор” (англ. The Terminator) аталышындагы илимий фантастикалык жанрындагы тасмасында роль аткарган. Шварценеггер Терминарордун ролун франшизанын кийинки тасмаларында да аткарган, алар: “Терминатор 2: Акыр заман” (Terminator 2: Judgment Day, 1991), “Терминатор 3: Машиналардын көтөрүлүшү” (англ. Terminator 3: Rise of the Machines, 2003) жана “Терминатор: Генезис” (англ. Terminator Genisys, 2015). Шварценеггер тартылган эң ийгиликтүү тасмалар: “Коммандо” (англ. Commando, 1985), “Чуркоочу адам” (англ. The Running Man, 1987), “Жырткыч” (англ. Predator, 1987), “Эгиздер” (англ. Twins, 1988), “Чындыкка чакырык” (англ. Total Recall, 1990), “Бала бакча полициясы” (англ. Kindergarten Cop, 1990) жана “Чындыкка окшош жалган” (англ. True Lies, 1994). 2015-жылы Шварценеггер Дональд Трамптын ордуна The Celebrity Apprentice теле-көрсөтүүнүн алпаруучусу дайындалганы жарыяланган, бирок актер бир сезондон кийин, Трамптын эскертүүлөрүнөн улам долбоордон чыгууга аргасыз болгон. Спорт чөйрөдө Шварценеггер «Австриялык эмен» ысымга татыган, ал эми чыгармачылык ишинде актер «Арни» ысымга татып, саясатта «Говернатор» (англ. The Governator, "Governor" (кырг. аким) жана "The Terminator" (кырг. терминатор)) ысмы менен кеңири таанымал болгон.

Республикачыл Шварценеггер 2003-жылдын 7-октябрында атайын чакыруунун шайлоосуна биринчи жолу шайланып ошол жылы аким болгон Грейс Дэвистин ордуна келген. Шварценеггер 17-ноябрда Дэвистин мөөнөтүнүн аягына чейин иштеп берүүгө ант берген. Кийин, Калифорния штатынын аким шайлоосунда, 2006-жылдын 7-ноябрында Шварценеггер Калифорния штатынын казыначысы демократ Фил Анжелидисти жеңип, толук акимдик мөөнөтүнө шайланган. 2007-жылдын 5-январында Шварценеггер расмий түрдө экинчи мөөнөтүн баштаган. 2011-жылы Шварценеггер экинчи мөөнөтүн аяктап, чыгармачылык ишин баштаган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арнолд Шварценеггер 1947-жылы 30-июлда Австриянын Таль кыштагында жарык дүйнөгө келген. Атасы Густав жергиликтүү полиция кызматынын башчысы болсо, апасы үй кожойкеси болчу. Арнольд менен анын жалгыз агасы Мейнхард (кийин 1971-жылы автокырсыктан каза тапкан) балалыгында атасы Густав Шварценеггердин катуу тарбиясынын алдында чоңоюшат. Турмуштары бир кыйла оор болгону менен балдарынын денсоолугу чың болуусун каалаган ата-эне тазалыкты сактап, жакшы тамактандырууга аракет жасашчу. Бирок, баары бир курсагы ач экенинен кабар берип, кичинекей Арнольд күндөн-күнгө арыктап отуруп, кээ күндөрү эс-учун жоготуп, бир канча ирет ооруканага да түшкөн. “Анда биздин үйдө сыналгы, радио, телефон, ванна дегендерден эч нерсе жок эле. Эптеп нан таап жегенибизге ыраазы болчубуз”,- деп эскерет Арнольд. Актёр алгач өзү жашаган кыштактагы Ганс Гросс мектебинде, андан кийин Грац шаарындагы Фробель орто мектебинде билим алат. Бир тууганы Мейнхарддан айырмаланып, Арнольд өтө эле шайыр жана элпек бала болгон. Ал эми агасы Мейнхарддын оор мүнөзү, мыкаачылыгы мектептен айдалууга, ал гана эмес, атасы Густавтын ичкиликке берилип кетишине алып келген. Арнольд кичинекей кезинен эле башкаларга окшобогон өзгөчө адам болууну самачу. Бир аз убакытка чейин футбол менен машыккандан кийин “команданын ар бир мүчөсүнө баш ийүүнү жана жеңишимди башкалар менен бөлүшүүнү каалабайм” деп кетип калган. Атасы ар кандай музыкалык аспаптарда кол ойноткондуктан, баласынын музыкант болуусун каалап, өз чеберчилигин үйрөтүүгө аракет жасайт. Бирок, Арнольд музыкага таптакыр кызыкчу эмес.

Спортто[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Футболдон биротоло көңүлү калган Арнольд,спорттун башка түрү менен алектенүүнү чечет. Чоң спортко жолу ачыла электе эле ар бир күнүн дене тарбия көнүгүүлөрү менен баштаган. Ал эми 1961-жылы атактуу культурист Курт Марнул (“Австрия Мырзасы”, “Европа Мырзасы” титулдарынын ээси) менен таанышкандан кийин бодибилдинг менен машыгууну чечкен. Алгач спорттун бул түрүнө түз эле кирип кетүү мүмкүн эмес эле. Анткени, Арнольд өтө эле арык жана бою узун болчу. Кичинекей кезинен күжүрмөн, эмгекчил жаш спортсмен жумасына жети күн 3-4 сааттан машыгып, үйүнө күндөп-түндөп келбей калышы атасынын кыжырын келтирип, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын келип чыгышына алып келген. Апасы болсо тескерисинче, баласынын бул каалоосун колдоп, атасы уктагандан кийин машыгууга барып туруусуна уруксат берген. Бир канча убакыт өткөндөн кийин кайрадан Курт Марнулга кайрылып, анын жардамы менен жергиликтүү сынактарга катыша баштаган. Бирок, Арнольддун курсак бөлүгүндө күч булчуңдары жок болгондуктан, ар кандай кыймылда булчуңдарын даңазалап көргөзүүдө ичин колдору менен жаап алчу экен. Кийинчерээк машыктыруучусу ага күч булчуңдарын чоңойтуучу дары-дармек каражаттарын ичирип, Арнольддун дене түзүлүшүн калыпка келтирген (ал учурда мындайларга тыюу салынган эмес).

Арнольд Америкага кетүүнү кичинекей кезинен эле самачу. Себеби, кедей болгондугу үчүн досторунун куру бекер ар кайсы шылтоолор менен шылдыңдашы, андан тышкары, атасынын да “Золушка” деп тамашалашы жүрөгүнө катуу тиер эле. Бул тилеги ишке аша электе 1965-жылы аскер кызматын өтөөгө чакыруу кагазын алат. Жашы 21ден ашып калгандыгына байланыштуу танк айдоочусу катары кабыл алышкан. Ал эми ал учурда Арнольд бир гана кичинекей масштабдагы конкурстарга катышууну эмес, “Ааламдын Мырзасы” титулуна ат салышууну көздөп, бодибилдинг менен андан да көбүрөөк машыга баштаган. Ал гана эмес, “Европа Мырзасы” титулун алуу үчүн аскерден эч кимден уруксат сурабай эле кетип калган. Бул наамдын ээси болуп кайтканына карабастан, келгенден кийин аскер кызматкерлери өз жазасын колуна карматышат. Кийинчерээк 1966-жылы келечектен көптү талап кылган Арнольд Германиянын Мюнхен шаарына кетип, ал жактан чакан бир фитнес-клубдун машыктыруучусу болуп ишке орношкон. Дагы да болсо турмуш кысымына кабылып, ошол клубдун спорт аянтчасында жерге жатып уктаган күндөрү да болот. Алган акчасын топтоп отуруп, ижарага бир бөлмөлүү батир алып жашай баштайт. Бирок, эң негизгиси, жашоосунда жаңы бурулуш жолду көрсөткөн немис бодибилдингчиси Рейнхарт Сволан менен дал ушул жерден таанышкан. Анын колдоосу менен “Ааламдын Мырзасы” конкурсуна барууга Англияга чейинки жол кире топтоого киришет.

Ийгиликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир канча кыйынчылыктарды жеңип, 1967-жылы Арнольд Шварценеггер “Ааламдын Мырзасы” титулун багындырып, өзүнө жетээрлик акча таба баштайт. Англия спортсүйүүчүлөрүнүн арасында тааныла баштаганы менен алар менен эркин сүйлөшүү Арнольд үчүн кыйынчылыкка турат. Анткени, өз эне тили немис тили болгондуктан, англисче үйрөнүү бир аз кыйынчылыктарды алып келген. Бирок, бул Англиядан “Европанын эң келбеттүү жигити”, “Европа Мырзасы”, “Оор көтөрүү боюнча эл аралык чемпион” титулдарынын ээси болууга терс таасирин тийгизген эмес. 1968-жылы “Олимпия Мырзасы” наамын багындыруу үчүн Флориданы көздөй бет алат. Бирок, бул жолу буттарынын булчуңдары анча чоң эмес болгондуктан, экинчи орунга татыктуу болуп кайтат жана ушундан кийин буттарына күч топтой баштайт. Мына ушундай эмгектердин артынан “Дүйнөнүн жана Европанын культуризм боюнча чемпиону”, “Ааламдын Мырзасы” титулунун беш жолку жана “Олимпия Мырзасы” наамынын жети жолку ээси болууга жетишкен. Кудай берээрин унутпай, Арнольд бул учурда бир топ эле байлык чогултуп, бардык акчасына кыймылсыз мүлк ала берген. Андан тышкары, түстүү журналдарга сүрөткө түшүп, “темир булчуңдуу” жылдызга айлана баштайт. Билим алууну да унутпастан, Санта-Моника колледжинде окуган. Андан кийин 1979-жылы Висконсин штатындагы Бизнес жана эл аралык экономика университетинен Американын тарыхы боюнча билим алууга жетишет.

Карерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турмуштан баарын күтүүгө болот. Бала кыялы менен ойлогон ойлору ишке ашып, өзү каалаган спорт түрүнүн чебери болууга жетишкенден кийин дүйнө элдеринин эсинде түбөлүк калуу үчүн Арнольд киного тартыла баштайт. “Темир булчуң” атка конгон мындай спортсменди кантип эле кинорежиссёрлор байкабай калышсын?! Алгачкы жолу “Нью-Йорктогу Геркулес” фильмине тартылган. Келишимдүү тулку бойлуу Арнольд бул кинодон 12 миң доллар киреше тапкан. Тартылган ар бир фильми хитке айланып, актёрдун жөн гана дене түзүлүшүн киного чагылдырганы үчүн режиссёрлор акча төлөп беришкен. Башында америкалыктардын айтуусуна оңой болсун үчүн Арнольддун фамилиясын өзгөртүп, “Стронг” деген псевдоним менен чыгарышкан. Бирок, кийинчерээк Шварценеггер өз фамилиясын алып чыгууну чечет.

1973-жылы бодибилдингден кетип, кино дүйнөсүнө бет алган эле. Көп узабай “Темирди терметип”, “Сан-Франциско көчөлөрү”, “Акмак”, “Ачка кала бер” фильмдери бири-биринин артынан эл алдына тартуулана баштайт. Бирок, мында Арнольд анча байкалбаган ролдорду жараткан. Чыныгы дүйнөлүк атак-даңкты багындырууга 1982-жылы чыккан “Конан-Варвар” фильми жардам берген. Бир аз убакыттын ичинде Голливуд жылдызына айланган актёр Арнольддун катышуусунда “Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы” жана эң популярдуу кинолордун бири “Терминатор”, “ТерЃрмуштан баарын күтүүгө болот. Бала кыялы менен ойлогон ойлору ишке ашып, өзү каалаган спорт түрүнүн чебери болууга жетишкенден кийин дүйнө элдеринин эсинде түбөлүк калуу үчүн Арнольд киного тартыла баштайт. “Темир булчуң” атка конгон мындай спортсменди кантип эле кинорежиссёрлор байкабай калышсын?! Алгачкы жолу “Нью-Йорктогу Геркулес” фильмине тартылган. Келишимдүү тулку бойлуу Арнольд бул кинодон 12 миң доллар киреше тапкан. Тартылган ар бир фильми хитке айланып, актёрдун жөн гана дене түзүлүшүн киного чагылдырганы үчүн режиссёрлор акча төлөп беришкен. Башында америкалыктардын айтуусуна оңой болсун үчүн Арнольддун фамилиясын өзгөртүп, “Стронг” деген псевдоним менен чыгарышкан. Бирок, кийинчерээк Шварценеггер өз фамилиясын алып чыгууну чечет.

1973-жылы бодибилдингден кетип, кино дүйнөсүнө бет алган эле. Көп узабай “Темирди терметип”, “Сан-Франциско көчөлөрү”, “Акмак”, “Ачка кала бер” фильмдери бири-биринин артынан эл алдына тартуулана баштайт. Бирок, мында Арнольд анча байкалбаган ролдорду жараткан. Чыныгы дүйнөлүк атак-даңкты багындырууга 1982-жылы чыккан “Конан-Варвар” фильми жардам берген. Бир аз убакыттын ичинде Голливуд жылдызына айланган актёр Арнольддун катышуусунда “Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы” жана эң популярдуу кинолордун бири “Терминатор”, “Терминатор-2: Сурак күн” чыгарылган.

Унутулгус темир адамга айланткан “Терминатор” фильмине тартылуудан актёр 6,5 миллион доллар киреше тапкан. Көпчүлүк учурда балбан каармандын ролун жараткан Арнольд актёрдук кесибинин артынан дүйнөнүн эң бай адамдарынын катарына кошулат. “Байлыгына чиренген актёр агасы менен атасы каза болгондо жерге узатууга да келген эмес” деген кептер эл арасына тараган. Бирок, Арнольд эмнеге барбагандыгынын себебин эч кимге айтпай келет.

Акыркы жылдары чыккан жана хитке айланган кинолоруна кайрылсак, “Терминатор-3: Машинанын калыптанышы”, “Доктор Дулиттл-2”, “80 күн ичинде ааламга сапар” жана башкалар. Булардын ар биринен 30 миллион доллардын �4" size=4>ЖАҢЫ ЖОЛ 1986-жылы “Чуркаган адам” фильмине тартылуу убагында АКШнын мурунку президенти Кеннединин жээни, тележурналист Мария Шрайверге баш кошкон. Ал эми алардын үйлөнүү тоюнда 500дөн ашык конок келип, атактуулар арасында өзгөчө үлпөт тойлорунун бири катары тарыхта калган. Айта кетчү нерсе, жубайлардын ортосундагы бул нике узак жана бактылуу экенинде да талаш жок. Анткени, бирге жашап жаткандарына 21 жыл толсо да, ушул убакка чейин ынтымакта жашап келишет. Ортолорунда 4 баласы бар. Улуу кызы Кэтрин Юнис 1989-жылы, экинчи кызы Кристина Мария Аурелия 1991-жылы, уулу Патрик Арнольд 1993-жылы жана эң кичүү уулу Кристофер Серджент 1997-жылы төрөлгөн. Атактуу саясатчынын үйбүлөсүнө кошулуудан Арнольд жаңыча жолго түштү десе болот. Себеби, саясат дүйнөсүнө аралашып, 1990-жылы Американын президенти Буштардын улуусу Арнольдду дене тарбия жана спорт боюнча башкы кеңешчиси кылып дайындаган. Ал эми 2003-жылы 6-августта Арнольд расмий түрдө Калифорниянын губернаторлугуна ат салышаарын айтат. Көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон актёр губернатордун тактысына отураары менен эле киного тартылууну азайтты десе болот. Анткени, убактысынын тардыгына байланыштуу аз гана фильмдерге тартылганы менен актёрдук кесибин да аркалап келет. Спортко да чоң салым кошууну көздөгөн губернатор спорттук багыттагы 2 журнал ачкан жана андан бодибилдинг тууралуу кенен маалымат табууга болот. Өз шайлоочуларынын колдоосуна ээ болуп, Арнольд Шварценеггер 2006-жылы ошол эле ордуна экинчи ирет шайланган. Учурда бир гана саясат менен алектенбестен, бир канча жеке ишканаларын, ресторандарын, журналдарын жана да жеке киностудиясын иштетип жаткан убагы.

Кызыктуу чындык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын баатыры Конан-Варвар урматына PokerDom эле аты бүтүрүүгө тарабынан түзүлгөн.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Атактуу Конан-Варвар.. Текшерилген күнү 28 -октябрь (тогуздун айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 28 -октябрь (тогуздун айы) 2019.