Мазмунга өтүү

Арпачы кызы Сакиш

Википедия — ачык энциклопедия

Арпачы кызы Сакиш (1917-1992) Шырдакчы, куракчы, элдик кийимдердин чебери. 1918-ж. Нарын (мурун Куланак) районундагы Учкун айылында төрөлгөн.

Эки-Нарында айыл чарба активи болгон. Узчулугу Улуу Ата Мекендик согуштан кийин жанданган. Ал кийиз, таар, курак, тери буюмдарын (бүйүрмө ичик, чолок тон, чолок ичик) кармайт. Кездеме өөнүнөн «каркыра курак», «мүйүз курак», «жылдыз курак» курап, өзүнчө буюм (туш кийиз, туштук, телевизор жапкыч) жаратат. Курак буюмдарына уз көбүнчө кызыл, кара, ак түстөрдү бири-бири менен айкалыштырат. Кызыл-кара өөңдөн курактын табакчалары (үй) жасалса, алардын өңүн ачуу үчүн актан «көз» чыгарат. Айрым учурда ак-кара курак көчөтү болуп түшөт. Мында аларды бири биринен айырмалоодо кызыл түс «көз» болот. Ал курактын жүрүп турган канындай туюлат да, берки өңдөрдү өзүнө оодарып алат. Чебер курактын көчөт бөлүктөрүн үч бурч (тумарча) кылып алат. Аны кол машинасы аркылуу бири бирине бириктирип, кездеме менен ичтейт. Уз курак буюмдарын эндүү жасап, кадимки сайма туш кийиздин түспөлүн сактайт. Айылдаштары аны «куракчы Сакиш» дешет. Уздун чеберчилиги кийиз буюмдарынан айрыкча баамдалат. Ал жүздөгөн шырдактарды бир колдон чыгарган. Уз мурун «Салбай оюм», «кыял оюм», «жарым кыял оюм», «табак «моюндардын» негизинде шырдак жасап келсе, кайкн анын көркөм дүйнөсүнүн чеги арылап, элдик оюмдарды негиз тутуп, алардын негизинде өзүнчө өзгөрмөлүү шырдак жаратууга өтөт. Мында шырдакка адаттагыдай төрт табакча (такта) алат. Ар биринин төрт «куш соомунун» куйругуна (аягына) «карга тырмак оюмун» берсе, ал табакчасынын ичинен төрт «ача оюму» жаралат. Сакиш уздун бул көркөм оюмдардын ичине түшүргөн шырыгы кербендин жалгыз аяк жолун элестетет. Чебер кызыл көктү борбордук оюму, жээк оюму үчүн, аккараны «аламыч» үчүн пайдаланып мурунку уздардын жөрөлгөсүн сактаса, азыр шартка ылайык кызыл-жашыл, сары-кара өңдөрдү деле бири-бири менен беттештире берет. Чебердин үчүнчү уздугу - кийим-кечектин жердиктерин колдон жаратып, аларды бычып тигет. Тери ашатуу, өңдөө сыяктуу эски ыкмалары да бар. Мында уз айранды, тузду, борду кеңири пайдаланат. Эмгеги баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1978-ж. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Курак буюмдары үчүн Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Ардак грамотасы.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0