Арстанбабтын токойлору

Википедия дан

Арсланбабтын токойлоруКыргызстандын түштүгүндө жаратылыштын өзү кадимки ботаникалык бакты өстүрүп койгондой болуп көрүнөт. Жашыл токой тилкеси Фергана өрөөнү менен чокусун ак кар баскан Арсланбаб тоосун бөлүп турат. Арсланбаб-жаңгак токоюнун эң негизги борбору. Мындай токойлордун арасынан ар түрдүү гүлдөрдү, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды учуратууга болот.

Жайында жаңгак токойлорун аралап жүрүү аябай көңүлдүү жана эң кызык эс алуу болуп саналат. Бул токойлордун жаратылышы да ар түркүн жана адамды кызыктыргыдай көрктүү. Жаңгактардын жашыл жалбырактарынан чыккан жыпар жыт адамдын көңүлүн сергитет.

Жаңгак токоюнун мааниси зор. Ал дүйнөлүк мааниге ээ боло турган эң сонун климаттык курорт катары бааланат. Кыргызстандагы жаңгак токойлорунун климаты Швейцариянын климаттык курортторунан ашып түшпөсө, андан эч кем калышпайт. Мына ошондуктан Арсланбабтагы эс алуу үйлөрүндө азыр эң көп адамдар эс алышат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]