Арстанбап өрөөнү
Арстанбап өрөөнү – Жалал-Абад облусундагы табигый кооз аймак. Ал Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталында, Базар-Коргон районунун аймагында жайгашкан. Жалал-Абад темир жол бекетинен 60 км түндүк-батыш тарапта орун алган. Деңиз деңгээлинен 1400–2000 м бийиктикте жайгашат.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өрөөндүн рельефи негизинен дөбө-дөңсөөлүү, белестүү, айрым жерлери түзөң болуп келет. Төр жагында тар капчыгайлар, корумташтар жана палеозой мезгилинин акиташ тектүү массивдери кездешет. Геологиялык түзүлүшү мезозой жана палеоген–неоген мезгилинин кызыл түстүү чөкмө тектерине таянат.
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Арстанбап өрөөнү мелүүн континенттик климатка ээ. Түндүктөн соккон муздак абаны Бабаш-Ата кырка тоосу тосуп тургандыктан, кышы жумшак жана кардуу болот. Январдын орточо температурасы –3°С. Жаз эрте келип, жаан-чачын мол жаайт. Жайында Фергана өрөөнүнөн согулган керимсел шамал дээрлик сезилбейт, абасы салкын; июлдун орточо температурасы 20°С. Күзүндө аба ырайы жылуу жана күн ачык болот. Жылдык орточо жаан-чачыны 1000 мм чамасында, көбүнчө март жана май айларына туура келет. Жылдык салыштырмалуу нымдуулук орто эсеп менен 54%. Күндүн тийүү узактыгы жылына 2800 саатты түзөт.
Топурагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өрөөндүн кыртышы чириндиге бай каралжын-күрөң топурактан турат.
Флорасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Арстанбап өрөөнү дүйнөдөгү өзгөчө жана кооз жаратылыш бурчтарынын бири. Анын кооздугун жыш өскөн жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайың, айва, алма жана башка мөмө-жемиш дарактары, ошондой эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай жана башка өсүмдүктөр өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суунун боюнда терек, тал, чычырканак, балгын жана башка өсүмдүктөр өсөт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, ак чычыр, кайың, шилби, табылгы сыяктуу дарактар кездешет. Токойду калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында жаңы көчөттөр отургузулуп жатат.
Гидрографиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өрөөн аркылуу Арстанбап суусу агып өтөт. Жер бетине чыгып турган акиташ тектүү массивдер майда сууларды бөгөп, шаркыратмаларды пайда кылат.
Фаунасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аймакта жаныбарлардан аюу, доңуз, карышкыр, суусар, кашкулак, элик, тоо эчки сыяктуу түрлөр жашайт. Канаттуулардан улар, кекилик, чил жана башка көп кездешет.
Эл чарбачылыгы жана инфратүзүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Арстанбап өрөөнүндө Гүмкана токой чарбасы бар. Ал жерде жаңгак жана башка мөмө-жемиштер (алма, алча ж.б.) жыйналып, мамлекетке өткөрүлөт. Аймактын таза абасы климаттык терапия үчүн пайдалуу жана эс алууга ыңгайлуу. Арстанбап кыштагына жакын жерде 500 орундуу пансионат жана ден соолукту чыңдоочу спорттук лагерлер иштейт.
Минералдык ресурстары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Арстанбап кыштагынан 8 км түштүк-батыш тараптагы көлдүн акваториясында дары баткак кени бар. Ал 1975–1977-жылдары чалгындалып, запасы 20 миң м³ деп бааланган.
Тарыхый эстеликтери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Арстанбап кыштагында 16–18-кылымдарга таандык архитектуралык эстелик — Арстанбап күмбөзү жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1