Арстанбекова Мистекан
Арстанбекова Мистекан Өрмөкчү, чырмакчы, оймочу, саймачы. 1940-ж. Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айылында төрөлгөн.
Жети жылдык мектепти бүткөн. Совхоздо иштеген. 15 баланы тарбиялаган баатыр эне. Алайкуу өрөөнүнө белгилүү уз. Узчулукту тестиер чагынан колго алат. Өмүрдөшү Жекенбай уулу Ракман узанган ак өргөөнүн ички-сырткы жасалгаларына узданат. Ага чыгдан чий, канат чий, эшик чий, тегирич, жабык баш, кылдырооч, терме боо-чуулары, кереге таңуу, төтөгө өңдүүлөр кирет да, тор чачык, чырмак терме кажыры, беш кеште, чаян түйүш өңдүүлөрдөн оюм-көчөттөрдү үндөштүрүп, түс айкалыштыран бири-бири менен жулталыштыруучу Мистеканга энеси Ажек зор таасир берген. Уздун таарында, букары термесинде Алайкуулуктардын салттуу үлгүлөрүн дал өзүндөй хайталоо аркылуу өзүнчө колорит (жагымдуу өң) таба билүү касиети мыкты өөрчүйт. Анда ал эки «чычкан изинин» ортосунан «кайкалак көчөтүн» чыгарып, кызыл, көк түстү сары күрөң менен жагызып, көркөм көчөттүн төрт бешөөн шарттуу кайталайт. Тегиричиндеги, ат жабуусундагы, шалчаларындагы өңдөр алачакмактанбай, бир өңдү анча өйдө бурбай, ортодон пайда болгон боёктор бири бирине ширелип, кызгылт көгүш түстөр буюмдун жалпы талабын бийлеп турат. Уздун Куштарбүбү, Бурул деген үйрөнчүктөрү бар. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Өмүрдөшү Жекенбаев Ракман экөөнө ЭЧЖРКнүн I даражадагы диплому; 1991 ж. Курманжан датканын 180 жылдыгына карата «Боз үй тигүүчүлөрдүн кароо-сынагы». Боз үйдүн жасалгалары үчүн II сыйлык («Урал» мотоцикли).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0