Арсыгулов Жекшеналы
Арсыгулов Жекшеналы (1928-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Төш-Булак айылы) - артист, КРнын эл артисти (1986). Эмгек жолун 1942-жылы Сокулук районундагы «Төш-Булак» чарбасында колхозчу болуп иштөөдөн башгаган. 1945-жылдан Кыргыз драма театрында артист. Жалпысынан 100дөн ашуун роль ойногон, алардын көрүнүктүүлөрү: Олег Кошевой (А. Фадеев, «Жаш Гвардия»), Эрмек (А. Куттубаев, К. Маликов, «Биз баягы эмеспиз»), Өмүркул (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей»), Бобчинский (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Жапалак (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов»), Макечал (Б. Жакиев, «Алтын аяк»), Малабай (Т. Абдумомунов, «Жыгылган оогонго күлөт»), Эдгар (У. Шекспир, «Король Лир»), Плюшкин (Н. Гоголь, «Өлүү жандар»), Нурмат (А. Осмонов, «Махабат»). Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1