Артерия

Википедия дан
Артериялар.

Өзүк[1] же артериялар — (лат. arteria — артерия) кишинин жүрөгүнөн орган жана ткандарына кычкылтекке каныккан канды алып баруучу кан тамырлар.

Артерия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артериялардын жүрөктөн чыккан өтө жоон жери толто деп аталат. Толтодон ар бир органга өзүнчө артерия кан тамырлары бөлүнүп чыгат. Ал кан тамырлар бара-бара ичкерип, эң майда кан тамырларга — капиллярларга өтөт.

Артериялардын катмары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артериялар негизинен үч катмардан турат.
Анын сырткы катмары чел,
Ортоңкусу булчуңдуу,
Ичкиси эндотелий деп аталат.

Артериялардын катмарынын милдети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул катмарлардын ар бири өзүнчө милдет аткарат. Сырткы жана ортоңку катмарлары чоюлгуч жипчелерден жана булчуңдардан туруп, чоюлгуч келет да, бирде кеңейип, бирде тарып турат. Мындай абал ар бир органга артериялар аркылуу кандын керектүү өлчөмдө келишине шарт түзөт. Артериялардын ички эндотелий катмары өтө эле жылмакай болгондуктан, кан тез агып, анын уюп калышына мүмкүндүк бербейт. Бул катмар ар кандай оору таратуучу микробдорду, зыяндуу заттарды жок кылып, организмге керектүү иммундук заттарды пайда кылып турат. Эгерде бул катмар сезгенсе, жараланса же туз катмарлары менен капталып морт болуп калса, анда анын ичиндеги кандын уюшу, кан тамырлар ичкерип же бүтүп калышы мүмкүн. Эндотелий катмарынын мындай көнүмүш оорулары жүрөк, мээ, бөйрөк жана башка органдардын аз кандуулугуна, стенокардия, инфаркт жана инсульт ооруларына алып келет.

Артерияларды сактоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондуктан, артерияларды жакшы сактоо үчүн майлуу этти көп жебөө, спирт ичкиликтерин ичпөө, тамеки тартпоо зарыл. Ар дайым кыймыл-аракетте жана таза абада болуу, эмгек менен эс алууну туура уюштуруу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Древнетюркский словарь / 1969 / 395 - бет