Артуро Тосканини

Википедия дан
Артуро Тосканини (1908).

Тосканини Артуро (25. 3. 1867, Парма - 16. 1.1957, Нью-Йорк) - италян дирижёру.

  • 1885-ж. Парма шаарындагы консерваториянын виолончель классын бүткөн.
  • 1887-98-ж. опера жана симфония дирижёру, 18981903, 1906-08 жана 1921-29-ж. Миландагы «Ла Скала» театрына жетекчилик кылып, 1908-15-ж. Нью-Йорктогу «Метрополитен-операда» дирижёр болгон.
  • 1928-жылдан АКШда жашаган. Нью-Йорк филармониясынын симф. оркестри менен «Метрополитен-операны» (1926-36) жана Улуттук радио уктуруу компаниясын (1937-53) башкарган.
  • Көрүнүктүү опералык жана симф. дирижёр Тосканини темпераменттүүлүгү, аткаруучуларга таасиринин күчтүүлүгү менен айырмаланган. Анын репертуары классикалык жана романтикалык музыкадан турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.