Артыкбаев Мэлс Табалдиевич

Википедия дан
Артыкбаев, Мелис‎»‎ барагынан багытталды)

Артыкбаев Мэлс Табалдиевич (29. 12. 1940-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Корумду айылы) - философия илимдерининдоктору (1986), профессор (1988). 1967-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1967-71-жылы Ф ПИде окутуучу, 1973-82-жылы КМУда улук окутуучу, доцент, 1982-94-жылы илимий коммунизм жана саясаттаануу кафедрасынын башчысы (1982-87), 1994-жылдан философия факультетинин деканы. 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинен 14 монография) автору. Анын эмгектери саясат теориясына, проблемаларына, улут арасындагы мамилелерди изилдөөгө багытталган. Эмгектери: Политическая система в «открытых» и «закрытых» обществах. Б., 1998; Политология (наука о политике и власти). Б., 1999.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]