Бактыбек Арунов

Википедия дан
Арунов Бактыбек‎»‎ барагынан багытталды)

Арунов Бактыбек (1938-ж. т„ Кемин району, Кайывды айылы) - бийчи.

  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1972).
  • Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ардактуу проф.
  • 1959-ж. М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын, А. Я. Ваганова атындагы Ленинград хореографиялык окуу

жайынын өнөр өркүндөтүү курсун,

  • 1980-ж. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.

1960-80-ж. Кыргыз улуттук, дүйнөлүк классикалык балеттерде башкы партияларды аткарган. Алсак «Куйручуктан» Сыдыктын, «Чолпондон» Нурдиндин, «Анардан* Кадырдын, «Бахчисарай фоңтаныңан» Вацлавдын, «Уйкудагы сулуудан» Принд Дезирснин. «Корсарда» Конраддын, «Лауренсиядан» Фрондосонун, «Прометейден» Прометсйдин, «Баядеркадан» Солордун, «Саманчы жолунан» Субанкулдун, «Спартактан» Спартактын ролдорун жогорку чеберчиликте бийлейт.

В. Власовдун У. Сарбагышев койгон «Асел» балетиндеги башкы каарман Ильястын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн СССР Маданият министрлигинин 1-даражадагы диплому менен сыйланган. Булардын көпчүлүгүн улуттук бийдин устаты Б. Бейшеналиева менен аткарган.

Опера жана балет театрында иштөө менен бир эле мезгилде 1961-жылдан тартып Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында классикалык жана дуэттик бийден сабак берет.

1980-жылдаи аталган окуу жайына биротоло мугалимдик кесипке өткөн. Кыргыз балет өнөрүнө сиңирген эмгеги үчүн 1967-ж. жана 1972-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган, Театрдын коллективи менен КМШ жана чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.