Архаика

Википедия дан

Архаика (грек. аrchaikos – байыркы) – байыркы грек көркөм искусствосу Түштүк Италияда, Кичи Азия жээктериндеги грек архипелагынын аралдарында жана материктик Грециянын аймагында биздин заманга чейин VI-VII к-дарында өсүп-өнүккөн. А. доору уруулук түзүлүштүн бузулушу, кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн пайда болушу мезгилине туш болгондуктан, А. көркөм өнөрү да өткөөл мүнөзгө ээ. Түпкү тегинде «геометриялык стиль» көркөм искусствосу менен байланышы бар А. көркөм искусствосу  классицизм доорунда эң мыкты өнүгө алган жана грек мифологиясына негизделген образдар менен формаларды иштеп чыккан. Жалпы мааниде А. формаларынын жөнөкөйлүгү менен айырмаланган байыркы көркөм искусство болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]