Археологиялык булактар

Википедия дан

Археологиялык булактар- алгачкы адамдардын турак-жайлары, шаар чалдыбарлары, эмгек куралдары, көрүстөндөр, аска-таштардагы сүрөттөр, жазуулар ж.б. Археологиялык булактар байыркы элдердин, коомдордун социалдык-экономикалык, саясий тарыхы, этногенези, элдердин байланышы, руханий маданияты, каада-салты б-ча маалымат берет. Бул маалыматтарды бекемдөө, тактоо үчүн материалдык калдыктардын үстүндө иштөөнүн өзүнчө ыкмасы иштелип чыгат.

Мисалы, типологиялык изилдөө, классификациялоо, доорун аныктоо, археол. маданияттарды бөлүү, салыштырма анализ жүргүзүү. Натыйжада калдыктардан археолог үчүн зарыл маалымат алынат. Ушундан кийин археологиялык табылга-буюм материалдык калдыкка айланат. Ошол «материалдык калдыкты» Археологиялык булактар деп атоо орундуу. Археологиялык булактар илимден тышкары күн көрүшү мүмкүн эмес. Ал эми археол. эстелик илимдердин тышкары деле күн көрө берет (изилдөөгө объект болгонго чейин).

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)