Архимед мыйзамы

Википедия дан

Архимед мыйзамы ― суюктук менен газдардын статикалык мыйзамы. Бул мыйзам боюнча, суюктукка (же газга) матырылган нерсеге, суюктук (газ) тарабынан ал нерсе сүрүп чыгарган суюктуктун (газдын) салмагына барабар күч таасир этет. Жогору карай түрткөн күч архимед күчү деп аталат.

Бул мыйзамды биздин заманга чейинки III кылымда Архимед ачкан. Архимед мыйзамы ― суюктук менен газдардагы нерсенин сүзүп жүрүү теориясынын негизи. Суюктукка матырылган нерсеге жасалган басым матыруу тереңдигине жараша болот. Нерсенин төмөнкү бетине жогору жагына караганда көбүрөөк басым жасалат. Нерсенин бетине баскан күчтөрдү натыйжалоочу күч дайыма тик өйдө багытталат (F). Эгер нерсе суюктуктун түбүндө жатса, суюктук чоң басым менен басып турат (P). Ал эми нерсенин салмагы суюктуктун түртүү күчүнөн кичине болсо, анда нерсенин матырылган бөлүгү сүрүп чыгарган суюктуктун салмагы нерсенин салмагына теңелмейинче, нерсе жогору калкып чыга берет. Эгер нерсенин салмагы суюктуктун түртүү күчүнөн чоң болсо, ал чөгөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1