Арчалы мөңгүсү

Википедия дан

Арчалы мөңгүсүИчки Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Жетим кырка тоосунун түндүк капталында. Узундугу 4,5 км, аянты 7,4 км. Кичи Нарын дарыясынын сол куймасы Арчалы суусунун төрүнөн орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгелинен 4560 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Андан Арчалы суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]