Арыков Курман Жороевич

Википедия дан

Арыков Курман Жороевич (1949-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Туу айылы) - жумушчу, Кыргыз Республикасынын баатыры (2002). 1970-жылдан бери Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтеринде ширетүүчү, бетон куючу, монтаждоочу, бригадир болуп иштеген. Учурда «Нарын гидрокурулуш» акционердик коомунун болот жана темир-бетон конструкцияларын монтаждоочулар бригадири. СССР энергетика жана электрлештирүүнүн отличниги (1990), КРнын эмгек сиңирген куруучусу (1995).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1