Арым мрамор кени,

Википедия дан

Арым мрамор кени, Чычкан мрамор кени. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Токтогул шаарчасынан 28 км түндүк тарапта, Суусамыр кырка тоосунун түштүк капталындагы Чычкан суусунун өйүз-бүйүзүндө (ага Арым суусу кошулган жерде), деңиз деңгээлинен 1460-1700 м бийиктикте. Арым–I жана Арым–II участкаларынан турат. 1969-ж. белгилүү. 1976–80-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын рифейдин аягында пайда болгон мрамор, доломит, акиташ тектери түзөт. Пайдалуу мрамор катмары каледондо жиреп чыккан граниттин тийгизген таасиринен пайда болгон. Мрамор майда жана орто кристаллдуу. Өңү ак, боз, көгүш, жашыл-боз. Арасындагы саргыч, күрөң-кызыл жана сары жол-жол темгилдер (калыңдыгы 2–3 смге чейин) өзүнчө кооздукту берет. Жалпы калыңдыгы 30 мге, узундугу ондогон кмге чейин жетет. Мрамор кооз, оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 34%, 1 м3 таштан 14,58 м2 такта (калыңдыгы 2 см) алууга болот. Кендин мрамор ташы кооз буюмдарды жасоого жана имараттарды кооздоп каптоого жарактуу. Бишкек ш-ндагы көп имараттарга кендин мрамору пайдаланылган. Запасы Арым–I участкасында А+В+С1 боюнча 534 миң м3, Арым–II участкасында А+В+С1 боюнча 860 миң м3. Бардыгы 1394 миң м3. 1997-жылга карата запасы А+В+С1 боюнча 948 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]