Арыстанова Светлана Амановна

Википедия дан

Арыстанова Светлана Амановна - (27. 4. 1938-ж. туулган, Жалал-Абад шаары) - КРнын эл мугалими (2006), КРнын эмгек сиңирген мугалими (1995). КМУнун химия-биология факультетин бүтүргөн (1965). Педагогикалык ишмердигин 1964-ж. Фрунзедеги № 47 орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1968-71-ж. Мали Республикасынын Бамако шаарында, 1974-90-ж. Фрунзедеги №2 6, 17, 20 орто мектептерде мугалим, 1990-жылдан № 6 орто мектепте директор болуп иштеген. 2000-ж. ушул мектептин базасында республикада алгачкы автордук окуу-тарбия комплекс-гимназияны түзгөн. Арыстанова «Билим», «Маданият», «XXI кылымдын кадрлары», «Аялзат», «Улуттун чындыгы» ж. б. улуттук программаларды жана багыттарды окуу-тарбия процессине киргизген. Бир нече монографиянын автору

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1