«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы

Википедия дан
Асаба партиясы‎»‎ барагынан багытталды)

«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы[1]

Уюштуруу съезди 1991-ж. 2-ноябрда болуп, расмий каттооодон 1991-ж. 30-декабрда өткөн. «Асаба». улуттук-демократтык саясий уюмун түзүү жөнүндөгү идея кыргыз жаштарынын 1990-ж. февралдагы чыгууларынан улам келип чыккан. Социалдык базасын кыргыз улутундагы жаштар түзгөн, жети жүздөн ашуун мүчөлөрү бар партия. 1990-ж. ноябрда официалдуу каттооодон өткөн, отуз беш пункттан турган программасы жана Уставы бар.

Программадан кээ бир үзүндүлөрдү келтирели: 1-пункт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын жана суверенитетин калыбына келтирүү. 8-пункт. Кыргыз Республикасынын аймагында 15 жыл жашаганда гана анын жараны боло алат. 13-пункт. Көп партиялуу системаны түзгөнгө аракеттенет. 17-пункт. Бүткүл бийликти шайланма органдарга берүү, КПССтин бардык мүлкүн элге берүү. Сот, прокуратура жана согуштук диктатураны орнотууну өз максаты кылып алган бардык партияларды жоюу. 18-пункт. Ишканалардагы парткомдорду жоюу. 28-пункт. Рынок экономикасына өтүү, туташ приватташтыруу негативдүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн, ошондуктан атайын программаны иштеп чыгуу зарыл. Мына ушундан кийин гана жерди, ж. б. объектилерди жеке менчикке сатууга болот. Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) түзүүдө «Ашар» сыяктуу эле «А». да маанилүү ролду ойногон жана анын коллективдүү мүчөсү болуп келген. Ал кездеги «Асаба». кыймылын саясий партия деп шарттуу түрдө гана айтса болот. Негизги ишмердүүлүк формасы митингдерге, демонстрацияларга чыгуу, ар кандай жүрүштөрдү жасоо болгон. 1990-ж. 22-30-октябрда болуп өткөн он экинчи шайланган Кыргыз ССР Жогорку Советинин экинчи кезексиз сессиясындагы Президентти шайлоо учурунда коммунисттик режимге каршы чыккан. Өкмөт үйүнүн алдындагы ачарчылык уюштуруунун демилгечилеринин бири «А». кыймылы болгон. Биринчи күнү ачарчылыкка чыгышкан 9 кишинин алтоо «Асабадан» эле. 1991-ж. июль айында 1916-ж. кыргыздардын көтөрүлүшүнөн 75 жылдыгына арналган Бишкек - Каракол багытындагы 13 күнгө созулган жөө жүрүш акциясын өткөрүүнүн демилгечиси да «Асаба» кыймылы болгон.

1994-ж. сентябрда «Асаба». партиясы тарабынан «1916-ж. кыргыздардын жана казактардын көтөрүлүшү» - деген китеп жарык көрдү. 1994-ж. 8-октябрда «А». улуттук кайра жаралуу партиясы өзүнүн жаңы программасын кабыл алган. Анда рынокко өтүүгө багытталган Президенттик стратегиялык курсун колдоп тургандыктары ачык белгиленет. «Партиянын программасынын негизинде ар бир адамга инсан катары мамиле жасоо принциби жатат. Ар бир адам - инсан, кайталангыс дүйнө, ал гүлгө окшош. Мамлекет - көп гүлдүү килемдей. Гүлдөр канчалык көп ачылса, анда мамлекет ошончолук күчтүү гүлдөйт. «Асаба». партиясы өзүнүн программасын «Гүл» деп атаган. «Гүл» программасында партиянын милдеттери төмөнкүчө аныкталат: «Биздин коом - бир чоң үй-бүлө.

Адам өз үй-бүлөсүндө жүргөндөй сезип, өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн ачкандай шарттарды түзүп берүүнү өзүбүздөн негизги милдетибиз деп эсептейбиз. Адамдын гүлдөшү үчүн 5 шарттын болушу зарыл: материалдык жыргалчылык, руханий жыргалчылык, улуттар аралык ынтымак, ички саясий стабилдүүлүк, тышкы коопсуздук». «Аз болсо да, саз болсун» - деген принцип менен партияга кабыл алууда катуу талаптар коюлары «Асабанын» программасынын корутундусунда айтылган. Бүгүнкү күндө «Асаба». партиясынын, негизинен кыргыз, казак, дунган жаштарынан турган, эки миңден ашык мүчөсү бар. Эки палаталуу Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо (1995-ж., 5-февраль) «Асаба». партиясынан 32 талапкер көрсөтүлүп, алардын экөө эл депутуты болуп шайланышты: Ө. Мамаюсупов жана Д. Садырбаев. «Асаба». партиясынын Борборбук Кеңешинин төрагасы Базарбаев Чапырашты.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6

  1. https://shailoo.gov.kg/kg/npacik/Resheniya_CIK_KRKR_BShKnyn_chechimderi/206-o-registracii-upolnomochennyh-predstavitelej-politicheskoj-partii-partiya-nacionalnogo-vozrozhdeniya-asaba/