Асаналиев, Байтемир

Википедия дан

Асаналиев, Байтемир (1940) - акын, котормочу, журналист. 1940-жылы 10-ноябрда Тянь-Шань районуна караштуу Чет-Нура кыштагында туулган. Өз айылындагы жети жылдык мектептен, Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектептен окуган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Мектепте окуп жүргөндө гезиттерге макалаларын, студент кезинде алгачкы ырларын мезгилдүү басма сөз беттерине жарыялаган.

1963–1965-жж. Нарын шаарындагы мектептерде мугалим, республикалык басма сөз боюнча комитетте редактор, 1966-жылдан «Мектеп» басмасында редактор, улук редактор, 1979–1986-жж. башкы редактор, 1986–1987-жж. «Кыргызкитеп» соода бирикмесинде бөлүмдүн начальниги, 1987–1991-жж. «Кыргызфильм» киностудиясынын котормо кино бөлүмүндө редактор жана улук редактор кызматын аткарган. 1991-жылдан «Байчечекей» журналында жооптуу катчы болуп иштеп келүүдө.

Алгачкы балдарга арналган «Жаз боегу» ырлар жыйнагы 1967-жылы жарык көргөн.

Б.Асаналиевдин ырлары азербайжан, казак, литва, тажик, түркмөн, чех ж.б. тилдерге которулган.

Б.Асаналиев бир топ чет элдик акын-жазуучулардын чыгармаларын, көркөм тасмалар менен мультфильмдерди кыргыз тилине которгон.

1975-жылдан Жазуучулар союзунун, 1973-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү.

1976-жылы СССРдин «Басма сөз отличниги», 1982-жылы «Кыргыз ССРинин Эл агартуусунун отличниги» төш белгилери менен сыйланган. 1997-жылы Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты деген наамы ыйгарылган. 2001-жылы ал «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наамга татыктуу болгон.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаз боегу: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 48 б.

Булак күүсү: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1970. – 58 б.

Кыял сапары: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1974. – 136 б.

Кездешүү: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 100 б.

Ойлонуу: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1990. – 126 б.

Табышмактар. – Б.: Учкун, 1996. – 14 б.

Балдар неге күлүштү?: Ырлар, табышмактар, калптар, аңгемелер. – Б.: Кыргызстан, 1998. – 80 б.

Күздө ачылган гүлдөр. – Б.: Бийиктик, 2002. – 160 б.

Айбанаттар паркында: Ырлар, табышмактар. – Б.: Бийиктик, 2004. – 88 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Край, в котором я живу: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 80 с.

Краски весны: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1981. – 25 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тургенев И.С.. Түркөй: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1968. – 48 б.

Мар Е.П. Найзадагы желек: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1969. – 200 б.

Титов В.А. Ажалды ардантып: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1971. – 188 б.

Чуковский К.И. Эр жүрөк Персей: Эки жомок. – Ф.: Мектеп, 1972. – 24 б.

Барто А.Л. Кышкы токойдон гүл терүү: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 91 б.

Нгуен Динь Тхи. Алга карай, чабуулга!: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 19781. – 188 б.

Калиев С. Салам сага, мектебим!: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 72 б.

Исаковский М.З. Лирика: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1986. – 56 б.

Цыден-Жап Жимбиев. Адамдын ысмы. Ырлар: Мектеп жашындагы кенже балдар үчүн. – Ф.: Адабият, 1988. – 64 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]